пятница, 8 ноября 2013 г.

КУРЧАЛГАН БИР САРАЙ: АДАМ ДЕНЕСИ


Тазалыкка канчалык көңүл бурулса да, жашаган жерлерибизде көптөгөн микроорганизмдер бар экени бир чындык. Азыр отурган бөлмөңүздү бир микроскоп менен карап чыгуу мүмкүнчүлүгүңүз болгондо, сиз менен чогуу жашаган миллиондогон жандыкты оңой гана көрө алмаксыз.
Мындай шарттарда адам «курчалган бир сарай» сыяктуу. Күмөнсүз, айланасы сансыз душман менен курчалган бир сарайдын коргонуусу да кемчиликсиз жана пландуу болушу керек. Адам муктаж болгон ушундай кемчиликсиз коргонуу менен бирге жаратылган, ушул себептен душмандарга карата коргонуусуз эмес. Денесиндеги «микро» коргоочулары адамды эч жалгыз калтырбайт жана көп фронттон адам үчүн согушушат.
Мурун эпителийиндеги суук тийүү вирусунун жыйындысы

Жаңы щеткаланып жуулган тиштин үстүндөгү бактериялар

Денени өзүнө каратып алууну каалаган душман клеткалар алгач аларды күтүп турган алдыңкы фронттордон өтүшү керек. Ал фронттордо кээде оор кырдаалдар болсо да, душман оңойчулук менен өткөрүлбөйт. Душман өтүшү керек болгон биринчи фронт – бул терибиз.
Адам дайыма чогуу жашап, бирок көрбөгөн микро
жандыктардын бири - чаң кенеси

Паразит личинкасы адам терисине кирип баратат

Денебиздин коргоочу сооту: тери

Бир кабык сыяктуу бүт денени ороп турган тери өтө көп таң калыштуу касиеттерге ээ. Өзүн-өзү жамап-оңдой алышы, жаңыланышы, бетинде тешикчилер (түк тешиктери) болгонуна карабастан, сууну өткөрбөшү, бирок тердөө аркылуу сыртка сууну чыгарышы, оңойчулук менен айрылбай тургандай калың, ошол эле учурда кыймылдоого мүмкүндүк бере тургандай ичке жана ийкемдүү болушу, ысыктан, сууктан, зыяндуу күн нурларынан денени коргой алышы – теринин адам үчүн жаратылган кээ бир өзгөчөлүктөрүнөн. Бирок бул жерде бул кереметтүү «пакеттин» башка бир тарабы, денени ооруга себеп болчу микро душмандардан коргоо өзгөчөлүгү жөнүндө сөз кылынат. Эгер денени душмандар менен курчалган бир сарай десек, анда тери ал сарайдын бекем дубалдары болот.
Жаратты жаап жаткан белок

Теринин негизги коргоочу функциясы сырткы бөлүктү түзгөн өлүү клетка катмарлары урматында ишке ашат. Клетканын бөлүнүшү аркылуу пайда болгон ар бир жаңы клетка теринин ички бөлүгүнөн сырткы бетин көздөй жылат. Бул учурда клетканын ичинин суюктук бөлүгү (цитоплазмасы) чыдамкай бир белок кератинге айланат. Бул процесс учурунда клетка өлөт. Пайда болгон кератин заты өтө чыдамкай (бекем) жана тамак сиңирүү ферменттери оңойчулук менен аны майдалай албайт. Бул бекемдик дегенди билдирет. Денени басып алууну каалаган бактерия менен козу карындар теринин сырткы катмарынан ала турган эч нерсе таба алышпайт.
Мындан тышкары, кератиндүү өлүү тышкы клеткалар тынымсыз теринин бетинен түшүп турат. Ушундайча жоготулган клеткалар астынан жаңы келгендер менен толтурулганда, ал аймактарда чындап ичине кирүү оор болгон бир тоскоолдук түзүлөт.

тери

Теридеги дагы бир коргоо функциясы болсо анын бетиндеги жандыктар тарабынан камсыз кылынат. Теринин бетинде ал жердеги кислоталуу шарттарга ылайыкташкан, коркунуч туудурбаган бир микроб тобу жашайт. Теринин кератинине жабышкан калдыктар менен азыктанган ал микробдор өздөрүнүн азыктануу аймагын коргоо үчүн жаттардын баарына кол салышат. Бул микробдорду баккан тери, мындай өзгөчөлүгү урматында, ичибиздеги армияны сырттан колдоп турган жардамчы бир күч сыяктуу кызмат кылат.

Дем алуудагы коргонуу

Душмандарыбыз бизге жетүү үчүн колдонгон жолдордун бири – бул дем алуу каналдары. Тынымсыз дем алган абабызда жүргөн жүздөгөн түрдүү микробдор ушул жол аркылуу денебизге кирүүгө аракеттенишет. Бирок мурундун ичинде аларды бир кароолдой күтүп турган тоскоолдуктан кабарлары жок.
өпкөдөгү макрофагдар

5900 эсе чоңойтулган бул сүрөттө дем алуу каналынын
ичиндеги клеткалар (көк түстө) өз бездерин (сары түстө)
абадагы бөлүкчөлөрдү тутуу үчүн бир затты чыгарууга колдонушат

Мурундун былжыр челиндеги өзгөчө бир секреция түздөн-түз же чаңдар, тамчылар жана башка заттар менен бирге дем алуу системасына кирген микроорганизмдердин болжол менен 80-90%ын кармап сыртка чыгарат.
Мындан тышкары, дем алуу былжыр челдериндеги кыймылдуу түкчөлүү клеткалардын ичинен сыртты көздөй жасалган кыймыл менен микробдор сыртка чыгарып таштоого аракет кылынат. Жөтөлүү рефлекси менен чүчкүрүү бул кызматты жеңилдетет.
Бул тоскоолдуктардан өтүп альвеолдорго (өпкө, бронх, резина) жете алган микробдор фагоцитоз жасаган клеткалар тарабынан жутулушат. Андан соң саякат абалына өткөн фагоциттер жуткан микробдору менен бирге жогору көздөй түртүлүп ар кандай жол менен сыртка чыгарылат.
Ар бир дем алышыңызда –азыр да кошо- бул чек араларда сиз эч сезбеген бир согуш болуп өтөт. Бул чек ара эшиктеринин кароолдору сиздин ден-соолугуңузду коргоо үчүн душман менен өлөөрчө согушушат.

Тамак сиңирүү системасындагы коргонуу

Микробдордун денеге кирүү жолдорунун дагы бири – бул тамактар. Бирок алар колдонгон бул жолду да билген денебиздин коргоочулары тамактар жеткен аймакта, б.а. ашказанда аларды күтүп алышат. Мындан тышкары, келе турган микробдор үчүн бир сюрприздери да бар: ашказан кислотасы. Бул кислота бүт тоскоолдуктардан өтүп ашказанга чейин жете алган микробдор үчүн өтө азаптуу бир сюрприз. Микробдордун баары болбосо да, өтө көбү бул кислотадан жеңилишет.
Кээ бир микробдор ашказан кислотасына жетиштүү деңгээлде тийбегендиктен, кээ бир микробдор болсо чыдамкай болгондуктан, бул тоскоолдуктан өтө алышат. Бирок өткөн ар бир жолунда аларды өлтүрө ала турган коргоочулар бар. Ошондуктан бул жолу эми аларды башка бир сюрприз тосуп алат: ичке ичегиде өндүрүлгөн тамак сиңирүү ферменттери. Болгондо да, бул жолу кутулуу мурдакысындай оңой болбойт.
Көрүнүп тургандай, микробдордун кол салууларынын ар этабында аларды күтүп турган дене коргоочулары бар. Ал коргоочулар адам денеси үчүн атайын жаратылган.
ашказан бези тешиги

Бул жерде суроо керек болгон маанилүү кээ бир суроолор бар.
Сырттагы микробдордун тамактар аркылуу денебизге киргиси келээрин, тамактардын маршрутун, микробдорду кандай система менен жок кылууга болоорун, бул тоскоолдуктан кутулса каерге бараарын, күчтүүрөөк кандай бир зат менен аларды тосуп алуу керектигин ким аныктаган? Мурда эч дененин сыртына чыкпаган, ошондуктан сырттагы микробдордун эч биринин химиялык түзүлүшүн изилдөө мүмкүнчүлүгү болбогон, ошондой эле, химия окубаган дене клеткаларыбы?
Албетте, жок. Мындай коргонуу системасын (иммундук системаны) тышкы дүйнөнү да, ал дүйнөдөгү тамактарды да, ал тамактарга муктаж болгон денени да, ал тамактарды сиңире турган системаны да жараткан пайда кылган. Бул улуу кудуреттүү Жаратуучу – Улуу Аллах.

Дагы бир ыкма: душманды душманга жок кылдыруу

Денебизде биз менен чогуу жашаган, бирок ооруп калышыбызга себеп болбогон башка микроорганизмдер да бар. Бизге зыян тийгизбестен өмүр сүрө алган бул жандыктар кимдер жана денебизде бар болушунун максаты кандай?
Бул суроолордун жообу төмөнкү аныктаманын ичинде жашыруун: адам денесинин ар кайсы аймактарында топтолгон, ага зыян тийгизбеген, ал тургай, кээ бир пайдаларды алып келген микроорганизм топтору дененин кадимки микроб флорасы деп аталат.
Булар иммунитет армиясына микробдорго каршы сырттан колдоо көрсөтүшөт. Себеби жат микробдордун денеге жайгашпашы алардын да кызыкчылыгына болот. Кандайдыр бир микробдун денеге кириши натыйжасында бул жандыктардын жашоо аймактары да басып алынгандыктан, өз мекендерин жаттарга алдырып койбош үчүн болгон күчү менен согушушат. Буларды денеге кызмат кылган «жалданма аскерлер» деп атасак болот. Өз кызыкчылыгы үчүн жашаган аймактарын коргоого аракет кылышат. Ошентип денебиздеги толук жабдылган армияга ушул микро колдоочулар да кошулат.
Бул «жалданма аскерлер» денебизге кантип жайгашышат?
Адам эмбриону эне курсагында турган кезде али эч бир душманга жолуга элек болот. Эмбрион төрөлүү учурунда жана төрөлгөн соң айланасы менен контактта болуп, жеген азыктары жана дем алуу аркылуу организмге кирген ар кандай түрдөгү, көптөгөн микробдорго жолугат. Кээ бирлери заматта өлүшөт, кээ бирлери жайгашканга да мүмкүнчүлүк таппастан өтүп кетишет. Кээ бирлери болсо тери, тери кабаттары, ооз, мурун, көз, үстүңкү дем алуу каналдары, тамак сиңирүү каналы, жыныс органдары сыяктуу дененин ар кайсы жагына жайгашышат. Ал жерлердеги микробдор өзгөрбөгөн, убактылуу топтор болуп өмүр бою жашап, дененин микроб флорасын түзүшөт.

Ким бул микро душмандарыбыз?

Микро душмандарыбыз болсо – бул дененин өзүнө тиешелүү болбой, кандайдыр бир жол менен денеге кирген, натыйжада денедеги иммунитет армиясын ишке киргизген микро жандыктар.
дүйнөдө жүздөгөн түрдүү бактериялар бар, сүрөттөгүлөр алардын кээ бирлери

Албетте, денеге кирген ар бир жат клетка ошол замат душмандай мамиле көрбөйт. Тамак жегенде, дары ичкенде, суу ичкенде да денебизге жат болгон заттар кирет. Бирок дене алар менен согушка кирбейт. Жат бир зат иммундук клеткалар тарабынан душман деп кабыл алынышы үчүн кээ бир шарттар болушу керек. Молекуланын чоңдугу, денеден чыгуу ылдамдыгы, денеге кирүү формасы сыяктуу...

Бактериялар

Саны өтө көп болгон микро душмандарыбыз арасында бактериялардын атактуу болушу бекеринен эмес.
бир ийненин учундагы бактериялар

Бактериялар ар кандай жолдордон адам денесине кирип, ал жерде укмуш бир согуштун башталышына себеп болушат. Кээде өтө олуттуу кыйынчылыктарга себеп болгон бул согуштар бир канча микрон чоңдуктагы бир жандыкта жашырылган күчтү жана жөндөмдү апачык көрсөтөт. Мындан тышкары, акыркы убактардагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, бактериялар эң оор жана кыйын шарттарда да кереметтүү чыдамкайлыкка ээ болушат. Өзгөчө бактериялардын спорт деп аталган формалары ашыкча ысыкка жана кургактыкка көпкө чейин чыдай алышат. Кээ бир микробдорду жок кылуунун өтө кыйын болушу мына ушул себептен.

Вирустар

Адам денеси баалуу бир алмаздын өтө коопсуз бир шаарчада корголушу сыяктуу күчтүү бир байкоо жана коргоого алынган. Бирок денени басып алууга аракеттенген жандыктардын кээ бирлери тажрыйбалуу бир уурудай болушат. Бул уурулардын эң белгилүү жана маанилүүлөрүнүн бири – бул вирустар.
Электрондук микроскоптун табылышы менен бар экени белгилүү болгон бул жандыктар клетка деп саноого да мүмкүн болбой турганчалык жөнөкөй түзүлүштө жана кичинекей. Чоңдугу 0,1 менен 0,280 микрон (миллиметрдин миңден бири) арасында өзгөргөн, 10 даанасы катарга тизилгенде 3 смден да кыскараак болгон кичинекей вирустар ушул себептен көптөгөн илимпоз тарабынан жандыктар ааламынан тышкары каралат.2
Категория катары жандыктар ааламынан тышкары деп каралса да, башка жандыктардай эле жогору жөндөмдүүлүктөргө ээ экени талашсыз чындык. Вирустардын жашоосу изилденгенде да бул чындыкты апачык көрөбүз. Вирустар – башка жандыктардын мажбурлуу паразиттери; б.а. жашай алуу үчүн бир өсүмдүк, жаныбар, же адамдын клеткасына кирип, анын азыгын, энергиясын колдонушу керек. Себеби вирустардын өз башынча жашай ала турган бир системалары жок. Вирустар бул чындыкты билгендей болуп, чебердик менен бир клетканын ичине кирип, анан чебердик менен ал жерди басып алган соң, клетканы аларды копиялоочу бир «вирус өндүрүүчү заводго» айландырышат.
Вирустун клетканы өзүнө каратуу максатында жасаган бул планы өтө комплекстүү жана эстүү бир план. Вирус эң биринчиден клетканын ага ылайыктуу же эместигин аныкташы керек болот. Бул ишти өтө акырын жана кылдат жасашы керек. Себеби кетирген кичине эле катасы анын жок болушуна себеп болот. Мындай натыйжага туш болбош үчүн өзгөчө кабылдагычтары менен клетканын өзүнө ылайыктуулугун текшерет. Андан соң жасашы керек болгон эң негизги жумуш өзүн клетканын ичине кемчиликсиз туташтыруу болот.
иммундук системадан өзүн коргоо үчүн түрүн өзгөрткөн бир вирус (rhinovirüs 14)

Вирус колдонгон тактикалары менен клетканы жаңылтып, өзүнүн бар экендигинин байкатпайт.
Окуялар мындан соң төмөнкүчө уланат: клетка вируска тиешелүү жаңы ДНКны ядронун ичине алып кирет. Клетка белок өндүрүп жатам деп ойлоп, бул жаңы ДНКны копиялап баштайт. Вирустун ДНКсы клеткада ушунчалык тымызын жашырынгандыктан, клетка байкабастан өз душманын өндүрүүчү заводго айланат. Жана өзүн да жок кыла турган вирустарды өндүрөт. Вирустун тукум куучу түзүлүшүн клетканын жат деп белгилеши чындап эле өтө оор.
Вирус өзүн клеткага ушунчалык жакшы туташтыргандыктан, ага тиешелүү бир бөлүктөй эле болуп калат. Көбөйүү ишин аяктаган соң өзү жана жаңы вирустар ушул эле ишти башка клеткаларда кайталоо үчүн ал клеткадан чыгышат. Бул окуялар учурунда вирус ал клетканы өлтүрүшү, ага зыян тийгизиши, өзгөртүшү мүмкүн же эч нерсе кылбашы мүмкүн; бул вирус менен клетканын түрүнөн көз-каранды.
Көбүнчө өтө катуу бир текшерүү механизми менен иштеген клетканын кандай ыкма менен алданып, вирус заводуна айланаары алигече толук жообу табыла элек суроолордон. Өтө өзгөчө бир түзүлүштөгү жана жандык сыпатына да кирбеген вирустардын мынчалык акылдуу болушунун, мынчалык натыйжалуу стратегияларды ойлонуп, пландашынын артындагы сыр, албетте, аларды мындай жөндөмдөрү менен бирге жараткан бир Жаратуучуда жашырылган.
Вирустун өзгөчөлүктөрү толугу менен клетканын ичинде иштеген системаны колдоно турган абалда пландалган. Вирусту жараткан кудуреттин клетканын өтө татаал иштөө принциптерин да билгени анык. Бул кудурет вирусту, ал ичине жайгаша турган клетканы жана бүт ааламды жараткан Аллахка тиешелүү.
Эбола вирусу

грипп вирусу

суук тийүү вирусу

Кичинекей түзүлүштөрү менен өздөрүнөн миллиондогон эсе чоң адам денесин ооруга, кээде өлүмгө да алпара алган вирустар – адамдарга алсыздыгын эстетүү үчүн Аллах тарабынан атайын жаратылган өзгөчө жандыктар.
Аяттарда Раббибиз мындайча кабар берет:


Ал асмандарды түркүксүз жараткан, муну көрүп турасыңар. Жерде болсо силерди чайпалтпасын деп чайпалбас тоолорду кылды жана ал жерде ар бир жандыкты көбөйтүп жайды. Биз асмандан суу түшүрдүк, муну менен жерде ар бир сонун жуптан бир өсүмдүк өстүрдүк. Бул Аллахтын жаратышы. Демек, Андан башкалардын жараткандарын Мага көрсөткүлөчү. Жок, зулумдук кылгандар апачык бир адашууда. (Локман Сүрөсү, 10-11)


Булактар:
2. George Gamow, 1-2-3 Sonsuz, s. 245

Комментариев нет:

Отправить комментарий