суббота, 9 ноября 2013 г.

СИСТЕМАНЫН ДУШМАНДАРЫ



Эң жөнөкөй тил менен «башкаруусуз клетка көбөйүшү» деп аныктама берүүгө мүмкүн болгон рак оорусу кандай түрү болсо да башында кадимки, ден-соолугу жайындагы бир клеткадан пайда болот жана жок дегенде жаңы өрчүп жаткан кезде ал кадимки клетканын негизги өзгөчөлүктөрүнө ээ болот. Бирок бул клеткалар кээ бир жөндөмдөрүн жоготушат. Өзгөчө жакындарынан же бүт организмден келген жана клетка бөлүнүшүн жөнгө салуучу билдирүүлөргө (кабарларга) жооп берүү жөндөмдөрүн... Мындай бузулуу келип чыкканда клетка өзүнүн көбөйүшүн жана натыйжада кыртыштардын чоңойушун башкара албай калат. Ошондой эле, «токтоосуз бөлүнүү өзгөчөлүгү» генетикалык жаңы клеткаларга да өткөрүлгөндүктөн, денеде барган сайын жайылган шишиктер пайда болот жана ал клеткалар коңшу кыртыштарды басып алып башташат. Бузулган клеткалар башка клеткалардын азыктарын жеп, муктаждык болгон аминокислота азыктарын түгөтүшүп, шишип көлөмү чоңойуп, денедеги каналдарды тосуп калышат. Бир жерге чогулуп өпкө, мээ, боор, бөйрөк сыяктуу органдардын нормалдуу, ден-соолугу жайындагы клеткаларды ороп, органдын өз иштерин аткарашына тоскоол болгондуктан, өмүргө коркунуч туудура турган абалга келиши мүмкүн.
Нормалдуу клеткалар коңшу клеткалардан буйрук алганда гана көбөйүшөт. Мындай система толугу менен организмдин коопсуздугу үчүн. Бирок бул механизмди укпай калган рак клеткалары көбөйүү системаларынын үстүндөгү «башкарууга» баш ийбей коюшат. Бирок мындай рак түрү иммундук система үчүн эч маселе жаратпайт. Ашыкча чоңойуп жана саны көбөйүп кеткен рак клеткалары менен күчтүү бир организм, б.а. күчтүү бир иммундук система оңой гана күрөшө алат жана ооруну жеңе алат. Чыныгы көйгөй рак клеткалары бир фермент (pac-man ферменти) менен өз мембранасын тешип кан жана лимфа суюктуктарына чыгып, дененин айлануу системасына (ташуу тармагына) кирген соң алыстагы кыртыштарга, клеткаларга жетиши натыйжасында башталат.
Мунун натыйжасы чындап өтө жаман болот. Денедеги бир катар клеткалар ошол убакка чейин жакшынакай көрүп, угуп, дем алып, өмүр сүрүшүбүзгө шарт түзүп, толук кызматташтыкта иштеп келишсе, эми бир заматта коңшу клеткалардан алган «токто» деген буйрукка моюн сунбай, баш көтөрүшөт. Ал буйрукту угуудан баш тартып, тездик менен көбөйүүнү улантып, кээде организмдин толугу менен өлүмүнө жол ача турган бир бузуу процессин, улам батыраак бир ылдамдык менен жасашат.
Денебизди бир өлкөгө, иммундук системабызды болсо ал өлкөнүн өтө жөндөмдүү, күчтүү, толук жабдылган армиясына окшотсок, анда рак клеткаларын өлкөдөгү көтөрүлүшчүлөргө салыштырууга болот. Ал көтөрүлүшчүлөр күн өткөн сайын санын улам көбөйтүшүп, бүт түзүлүштү бузуу ишин улантышат. Бирок ал өлкөнүн армиясы оңойчулук менен жеңиле бербейт.

Рак клеткалары (кызгылт түстө) менен 
лимфоциттердин (сары түстө) согушу

Иммундук системанын алдыңкы фронттогу коргоочулары болгон макрофагдар кол салуучуга жолугаар замат аны курчашып, атайын өндүрүлгөн бир белок түрү менен рак клеткаларын жок кылышат. Мындан тышкары, системанын күчтүү жана мээлүү жоокерлери болгон Т-клеткалар менен алардын теңдешсиз куралы болгон антителолор клетка мембранасын тешип, дене менен лимфа суюктуктарына аралашып баштаган рак клеткаларын өлтүрүшөт. Рак өрчүп жаткан кезде да иммундук системанын мындай коргонуусу уланат. Ошентип оору аябай күчөгөн кезде да иммундук клеткалар рактын күчөшүн жайлатуучу таасир көрсөтүшөт.
Ар адамдын клеткасында кездешкен, рактын алдын алуучу жөнгө салуулардын бири болсо – бул клетканын өзүн-өзү өлтүрүү системасы (апоптоз). Апоптоз (apoptosis) клеткада ДНКнын жабыркашы, бир шишиктин пайда болушу же рактын алдын алуучу гендин (P53) таасиринин азайышы натыйжасында келип чыгышы мүмкүн. Мындай караганда терс бир кубулуштай көрүнгөн клетканын өзүн-өзү өлтүрүшү чындыгында ушул сыяктуу өтө маанилүү бузуктуктарга жолтоо болуп, кийинки урпакка өткөрүлүшүнүн алдын алгандыктан, жашоо үчүн өтө зор мааниге ээ. Ойлоп көрүңүз, бүт организмге багытталган потенциалдуу рак коркунучу бир клетканы жоготуудан, албетте, алда канча кооптуу. Өздөрүндө бүт денеге зыян тийгизе турган бир бузуктукту байкаган клеткаларыбыз өз өмүрүн кыйып адамды куткара турган бир процессти башташат.
Клетка керек учурда тартипке толук баш ийип
өзүн-өзү өлтүрөт

Оорулуу клеткалар мындай өзүн-өзү өлтүрүү системасынан качып кутула алган кезде рак өмүргө коркунуч туудура турган абалга келет. Мындайда болсо башкаруусуз көбөйүүгө каршы экинчи бир коргонуу механизми ишке киришет. Ал механизмден да кутулса, аларды дагы бир баскыч күтүп алат; «кризис» периоду. Бул этапта мурдакы коопсуздук системасынан кутулган клеткалар массалык түрдө өлүшөт. Бирок алардын арасынан бир клетка кайра эле кризистен кутулуп чыга алат. Ал «козголоңчу» бир рак клеткасы болот, жана андай козголоңчу мүнөзүн мураска калтыра турган неберелери өтө көп санга өсөт. Эми оорулуу үчүн оор бир рак менен күрөшүү периоду башталат.
Рак клеткаларын мынчалык ийгиликтүү кылган себеп коңшу клеткалардан буйрук албастан, башкаруусуз, өз башынча көбөйө алышы ганабы? Мындай ийгиликтин артында башка себептер да бар:
Клеткалар үстүлөрүндө каерде болушу керек экенин көрсөткөн бир адрес системасын алып жүрүшөт. Денедеги бүт клеткалар тарабынан да окула алган мындай адрестөө системасы урматында эч бир клетка башкасынын ордун ээлеп албайт жана баары өз ордунда турат. Бул кыртыштардын бүтүндүгүн камсыздоочу бир система. Каерде болушу керек экенин билген, башка жерге кетип калбаган жана башка бирөөнүн анын ордун ээлешине жол бербеген клеткалар мунун натыйжасында дененин ден-соолукта болушуна да шарт түзүшөт. Себеби бир жерге кармана албаган же туура эмес бир жерге карманган клеткалар өзүн-өзү өлтүрүшөт. Бирок бул системада клеткалардын оруну жок калышы же туура эмес бир жерге карманышынын алды алынгандыктан, клеткалардын өзүн-өзүн өлтүрүүлөрүнө да жол берилбеген болот. Бирок бул оңой жумуш эмес. Бул үчүн бүт клеткалар өз орундарын жана башкаларынын орундарын таанышы, бир-биринин ордун ээлебеши керек экенин билиши зарыл. Муну болсо турган жерине карманышына көмөкчү болгон бир катар ортомчу молекулалар аркылуу билишет. Бирок кээде мындай ортомчу молекулалар жок болуп калган же иштебеген учурлар болот. Рак клеткалары пайдаланган учурлардын бири мына ушул. Тоскоол болуучу молекулалар жок учурларда рак клеткалары өтө ылдам тарайт. Мындан тышкары, рак клеткаларынын бир жерге темир таштоо мажбурлугу да болбойт. Бул эрежеге да баш ийбей, аны бузушат жана эч жерге карманбастан да жашай алышат.
Лейкоциттер денеде туруктуу бир жери жок бөтөнчө клетлар болуп саналат. Алар «металлопротеиназ» деп аталган өзгөчө бир фермент менен башка клетка мембраналарын жана кыртыштарын тешип тоскоолдуктарды жок кылышат. Ошондуктан дененин каалаган бөлүгүнө эч кыйналбастан бара алышат. Иммундук клеткалар бул ферментти душманга жетүү үчүн колдонушса, рак клеткалары ушул эле ферментти такыр башка максатта колдонушат. Алардын максаты ден-соолугу жайындагы клеткаларга чабуул жасоо жана басып алуу болуп саналат.
Рак клеткаларынын жөндөмдүүлүктөрү булар менен эле чектелбейт. Иммундук армияга каршы жасаган кээ бир куулуктары (амалкөйлүктөрү) да бар. Бирок бул жерде таланттуу бир театр чеберлеринен сөз болуп жатпагандыктан, бир клетканын андай куулуктарды кантип жасаарын сөзсүз ойлонуу керек. Ал акылдуу куулуктарга өтөөрдөн мурда буга чейин айткандарыбызга бир көз жүгүртөлү.
Иммундук армиябыздын баскыч баскыч, душманга каршы бир катар тосмолорду курушу кадыресе бир көрүнүшпү? Биз армия деп атаган бул түзүлүш электрондук микроскоп менен гана көрүүгө мүмкүн болгон клеткалардан турат. Өздөрүнүн аймагын коргоп кайтарып турушу, керек болгондо дененин ээси үчүн өз жандарын кыйышы, эч тайманбастан күрөшүүнү улантышы... Булардын бирөөсү дагы кокустан пайда болгон эмес. Эч талашсыз, бул жерде пландуу жана уюшкан бир иш-аракеттин бар экени апачык көрүнүп турат.
Ден-соолугу жайындагы клетканын рак клеткасына айланышы. Эң солдогу 
кадимки клетка генетикалык мутациялар натыйжасында же өзүн-өзү өлтүрөт
же болбосо рак клеткасына айланат

Бүт бул оор жумуштар өтө жакшы илим алган бир триллиондук адамдар тобуна аманат тапшырылганда, кандай болоор эле? Ушунчалык жогорку ийгиликке жете алышаар беле? Мынча көп адамды –катуу дисциплина эрежелерин коюп, жазалар берип болсо да- башкарууга болоор беле? Ал адамдардын бир канчасы эле өндүрүшү керек болгон секрециянын, б.а. антителонун формуласын унутуп калса, жалкоолук кылып жасабай койсо, өзүн-өзү өлтүрүшү керек болгон жерде андан баш тартса... Бул күрөш ийгилик менен аяктамак беле? Триллион адамдан турган бир армия эч башаламандык чыкпастан, күрөшүн катасыз уланта алмак беле? Бул согушту уюштура алган, мынчалык аскердик таалимди жасай ала турган канча эр жүрөк жана акылдуу башчы чыга алмак эле? Иммундук клеткаларыбыз болсо эч кандай башчыга муктаж эмес, системанын иштешинде да эч кандай кыйынчылык, башаламандык чыкпайт. Себеби бул системаны бүт майда-чүйдөлөрүнө чейин кемчиликсиз түзгөн жана системанын мүчөлөрүнө кыла турган иштерин илхам кылган – бул Аллах. Сажда Сүрөсүнүн 5-аятында «асмандан жерге чейин бүт иштерди Ал ороп тартипке салат...» деп кабар берилет. Жана, ошондуктан, иммундук (коргонуу) системанын мүчөлөрү болгон клеткалар бул согушту Аллахтын илхамы менен эч токтобостон жана кыйналбастан улантышат.

Рак клеткаларынын куулуктары (амалкөйлүктөрү)

Муну унутпаш керек: рак клеткалары чындыгында дененин өзүнө тиешелүү клеткалар жана адамдын өзүнүн молекулярдык мөөрүн алып жүрүшөт. Ушул себептен рак клеткаларынын иммундук клеткалар тарабынан таанылышы оңой болбойт. Болгондо да, рак клеткалары, кандайча болоору дагы эле белгисиз болгон, бир ыкма менен антителолордун бир бөлүгүн өздөрүнө улап алышат.
Антителолор – белгилүү болгондой, душман клеткалардын иш-аракеттерин токтотуучу белоктор. Бирок белгисиз бир себептен рак клеткалары антителолордон тескери бир таасир алышат. Иш-аракеттери токтобой, тескерисинче көбөйөт, шишик батыраак жана күчтүүрөөк тарайт.
Рак клеткасынын бетине уланган антителолор рак клеткалары менен кандайдыр бир мааниде кызматташтык кылышат. Башка антителолор бетине антитело уланган рак клеткаларына эч тийишпейт. Натыйжада рак клеткасы кандайдыр бир мааниде өзүн камуфляж кылган (түрүн өзгөртүп жашырган) болот.
Өлтүргүч Т-клеткалар рак клеткасына чабуул жасоодо

Рак клеткалары жалгыз болбойт. Рак клеткалары менен
кызматташтык кылган жана байланыш түзгөн көп клеткалар
болот. (оң ылдыйкы сүрөт көкүрөк рагы, чоң сүрөт тери рагы)

Антителолордун душман менен болгон кызматташтыгы андан да чоң масштабдарга жетиши мүмкүн. Кээде башка антителолор менен биригип, «жасалма токтоткуч Т-клеткаларын» пайда кылышат. Ал жасалма Т-клеткалар көп антителолорго «коркунуч жок» деген сигнал берет. Бирок кээде мындан да жаманы болот жана жасалма токтоткуч Т-клеткасы ордуна, «жасалма жардамчы Т-клеткасын» пайда кылышат. Эми болсо буйрук алда канча көп сандагы антителого жетет. Рак клеткаларынын эч кыйналбастан көбөйүшүнө мындан да жагымдуу шарт болбойт.
Мындан тышкары, рак клеткалары кээде «тузак антигендерди» таратып, өздөрүн иммундук системанын чабуулдарынан коргошот. Ал шишиктер үстүңкү бетинен ушунчалык көп санда антиген тараткандыктан, кан ал антигендерге толуп ташат. Чындыгында болсо ал антигендер жасалма болот жана денеге түздөн-түз эч зыян тийгизишпейт. Бирок антителолор муну билбегендиктен, душман деп ойлоп ал антигендерге каршы ошол замат күрөшүп башташат.
Бүт мындай башаламандык ичинде чыныгы жана коркунучтуу рак клеткалары болсо эч ким тийишпестен, байкалбастан душманынын колунан кутула алышат.

Акылдуу бир душман: СПИД

Биринчи бөлүмдөрдө вирустардан сөз кылып, жашообузда алардын канчалык чоң роль ойнооруна токтолгон элек. Ошол вирустардын дээрлик эң коркунучтуусу, адамзатты эң көп алек кылганы жана балким дагы көп жылдар бою алек кыла турганы – бул «ВИЧ» (HIV) вирусу. Себеби бул микро жандык, башка вирустардан айырмаланып, иммундук системаны толугу менен иштен чыгарат. Иммундук системасы иштебеген бир адам болсо жашай албайт.
Адамдын иммундук системасын жок кылып, ар кандай ооруларга кабылышына, бүт денесинде оңдолгус жараттардын пайда болушуна жана натыйжада өлүмүнө себеп болгон ВИЧ изилдөөчүлөрдү көп жылдар бою алек кылып, аягында үмүтсүздүккө түшүрдү. Bilim Teknik (Илим Техника) журналынын 1993-ж. август айындагы санында бул жөнүндө төмөнкүлөр айтылган.
Көбүрөөк нерсе билген сайын, ишенимдүүлүгүбүз бүт нерседен азайууда.» Бул сүйлөм жумалык илимий журнал Science'тын СПИДди изилдеген дүйнөнүн эң белгилүү 150 изилдөөчүсү арасында жүргүзгөн бир анкетанын орток жообун түзүүдө. Чындап эле эми эч ким көп жылдардан бери айтылып келген гипотезалар жөнүндө так (ишенимдүү) жыйынтык айта албай калды. Кечээки күнгө чейин эле тууралыгы эч талаш жаратпаган кээ бир көз-караштардын түп-тамырынан туура эмес экени аныкталып, бир тарапка ташталууда. Аягында ушундай бир даражага жетти: эми артка кайтып, бир кездерде күлүп гана коюлган, эч ким маани бербеген СПИД жана анын фактору ВИЧ жөнүндөгү эски теориялар да бир-бирден, кайра башынан каралып, жарамдуулугу талкууланып башталды.11
Лимфа түйүнүнүн ден-соолугу жайындагы кези,

бул сүрөттө болсо СПИД вирусу тарабынан бузулган
абалы көрсөтүлгөн

Арадан өткөн убакыт бул жагдайды өзгөртпөй, андан да бекемдеди. Бүгүнкү күндө дагы эле жоопсуз калган көп суроолор турат, ошону менен бирге, жаңы ачылыштар суроолордун санын көбөйттү. Жана СПИД дагы эле адамзат үчүн табышмак бойдон калууда.
ВИЧ жөнүндө белгилүү болгон эң негизги нерселердин бири – бул вирустун бүт денедеги клеткаларга эмес, кээ бирлерине гана кириши. Алардын арасында болсо иммундук системанын эң натыйжалуу мүчөсү болгон жардамчы Т-клеткаларды негизги максат катары алышы. Бул негизи өтө маанилүү нерсе. Кире ала турган сансыз клетка түрлөрү турганда, ишине эң көп жарай турган иммундук системанын клеткаларын тандашы адам денеси үчүн чоң бир кыйроонун башталышы болот.
Иммундук системанын күрөө тамыры болгон Т-клеткалар каратылган соң, артта мээсинен ажыраган, душманды тааный албаган бир армия калат. Негизи бул өтө маанилүү бир согуш тактикасы болуп саналат. Себеби байланыш жана кабар алуу системасынан ажыраган бир армия күчүнүн баарын жоготкон болуп эсептелет.
Болгондо да, дене чыгарган антителолор да СПИД вирусуна зыян тийгизе алышпайт. СПИДи бар оорулууларда антитело өндүрүшү улана берет, бирок өлтүргүч Т-клеткалар жок болгондуктан таасирлери абдан төмөндөйт.
СПИД вирусу (апельсин түсүндөгү) клетка мембранасын
тешип Т-клеткасына кирип баратат

Жообу белгисиз болгон суроолордун бири мына ушул: ВИЧ эң негизги чабуул жасашы керек болгон максатты кайдан билет? Себеби денеге киргенде иммундук системанын мээсинин Т-клеткалары экенин түшүнгөнгө чейин эле иммундук система тарабынан жок кылынат. Адам денесине мурдатан кирип маалымат алуу мүмкүнчүлүгү да жок, демек мындай тактика жүргүзүшү керек экенин кайдан үйрөнгөн?
Бул вирустун таң калыштуу касиеттеринин биринчи этабы гана.
Экинчи этапта максат катары тандаган клеткаларга уланышы керек болот. Бул ал үчүн көп деле оор бир жумуш эмес. Себеби ал клеткаларга ачкычтын кулпуга туура келиши сыяктуу уланат.
Үчүнчү этапта ВИЧ вирусу аны жашата турган кереметтүү бир катар процесстерден өтөт.
ВИЧ – бир ретровирус гана. Б.а. түзүлүшүндө генетикалык материал катары РНК гана болот, ДНКсы жок. Бул ретровирус өмүрүн улантышы үчүн ДНКга муктаж, жана аны алуу үчүн өтө кызыктуу бир ыкманы колдонот. Конок болгон клетканын нуклеиндик кислоталарын колдонуп, өзүндөгү (артты көздөй деген мааниге келген) тескери транскриптаз (reverse transcriptase) ферменти менен РНКсын ДНКга айлантат. Андан соң ал ДНКны өзү ичинде турган клетканын ядросундагы ДНКга жайгаштырат. Натыйжада вирустун гендик (тукум куучулук) материалы Т-клеткасынын гендик материалы болуп калат. Б.а. клетка көбөйгөн сайын андагы вирустар да көбөйөт. Эми клетка вирус үчүн иштеген бир завод сыяктуу иштеп баштайт. Бирок бул кубулуштун каарманы болгон ВИЧтин максаты – жалгыз клетканы эле басып алуу эмес. Ал буга тойбой, бүт денени өзүнө караткысы келет.
СПИДге себеп болчу ВИЧ вирусунун бөлүкчөлөрү (көк түстө) ооруну пайда кылыш үчүн
башка клеткага баруудан мурда оору иммундук клеткада көбөйөт. Иммундук система
башында баш бербесе да, аягында вирус тарабынан каратылат. Мунун себеби болсо
учурда так белгисиз.

Бул болсо төртүнчү этап: кандайдыр бир жол менен ал жана беркилер (клетка көбөйүп жатканда, өзүн да көбөйткөндүктөн, эми көптөгөн ВИЧ вирустары пайда болгон болот) ичинде турган клеткадан чыгып, санын көбөйтүү үчүн жаңы клеткаларды басып алууну көздөшөт. Бирок бул үчүн алардан атайын иш-аракет талап кылынбайт. Себеби окуялардын андан ары жүрүшү дал алар каалагандай болот: басып алынган Т-клетканын мембранасы белгилүү убакыттан соң басымга чыдай албай тешилет жана натыйжада жаңы вирустар клетканын сыртына чыгып аларды «коноктой» турган башка клеткаларды табышат. Ошентип вирус өзүнүн санын көбөйтүп, ал эми Т-клеткасын болсо өлтүрөт.
Солдо ден-соолугу жайындагы Т-клетка көрсөтүлгөн. Оңдо болсо душман тарабынан (СПИД вирусу) таасирсиз кылынган Т-клеткасынын көрүнүшү. 3000 эседен ашык чоңойтулган.

Бул этапка чейин зор ийгилик менен келген ВИЧ эми денени өзүнө караткан болот. Жок дегенде, адамзат аны жеңе турган бир дары тапканга чейин... Эми вирус кааласа уйкуга кирип, көп жылдар бою денеде унчукпай жашайт же болбосо чоң чабуулду ошол замат баштайт.

Эмне үчүн чара табыла алган жок?

ВИЧ денеге кирген соң күнүнө он миллиарддай вирус өндүрөт. Бир күн деген кыска убакыттагы мындай ылдам өндүрүш процесси, албетте, учурдагы технологиянын да күчү жетпеген бир көрүнүш. Болгондо да өндүрүлгөн жөнөкөй бир нерсе эмес. Бул – чоң адам денесин бүтүндөй өлүмгө алпара алганга жөндөмдүү, кемчиликсиз бир план менен клетканы өзүнө караткан жана өз копияларын өндүрткөн бир микроорганизм.
Мындан тышкары, ВИЧтин жөндөмдөрү муну менен эле чектелбейт. Бул вирус кармалып калбаш үчүн өзүн ар кандай калыптарга салат. Натыйжада ага каршы колдонулган бүт дарылардын эч таасири болбойт. Медицина учурда вируска бир учурда көптөгөн түрдүү дары менен чабуул коюп, мындай чыдамкайлыкты бир аз болсо да жеңе алды. Бирок маселе тамырынан чечилбей, оорулуулардын өмүрү гана бир азга узарды.
Коркунучту сезген бир вирустун өзүн жаңылашы чындыгында өтө таң калыштуу. Илимпоздор мындай тактикага чарасыз калышты.
ВИЧтин таң калыштуу тактикалары булар менен эле чектелбейт. Кандагы жардамчы Т-клеткалар бир сыдырманын тиштери сыяктуу бир-бирине тийип сүзүшөт. Ошондуктан ВИЧ кандагы антителолорго тийбеш үчүн бир Т-клеткасынан экинчисине аттап жылат. Бул жерде айтылып жаткан вирус – бир микробчолук чоңдуктагы ДНКсы да жок, ал тургай, жандык деп атаганга да болбой турган бир нерсе. Бул нерсенин адамдын денесин мынчалык жакшы таанып, аны жеңе турган системаларды түзүшү, аларды ката кетирбестен кемчиликсиз ишке ашырышы жана колдонулган бүт куралдардан өзүн коргоп тынымсыз өзгөрүшү чындыгында өтө таң калтырат. Бул адамзаттын көзгө көрүнбөгөн бир вирустун алдында канчалык чарасыз болуп калгандыгынын маанилүү бир мисалы.

Булактар:
11. Bilim ve Teknik Dergisi, Cilt 26, Sayı 309, Ağustos 1993 s. 567

АЧЫК СОГУШКА КАДАМ КАДАМ


Бул жерге чейин иммундук системанын эмне экенин, ал системадагы органдарыбызды, клеткаларыбызды жана душмандарыбызды тааныдык. Бул бөлүмдө иммундук системабыз менен душман клеткалар арасындагы ачык согушка жана денебиздин кемчиликсиз коргонушуна күбө болобуз.
Иммундук системабыздын эр жүрөктүү согушу үч негизги бөлүктөн турат.
1- Душманды аныктоо, биринчи кийлигишүү.
2- Чыныгы армиянын кийлигишүүсү, ачык согуш.
3- Тынч абалга кайтуу.
Иммундук системабыз согушту баштаардан мурда сөзсүз душманды жакшылап таанышы зарыл. Себеби ар согуш душманга жараша ар түрдүү болот. Болгондо да, маалымат чогултуу жакшылап жасалбаса, иммундук системабыз жаңылып өз клеткаларыбызга чабуул жасашы мүмкүн.
Биринчи кийлигишүү иммундук системанын тазалык клеткалары фагоциттерден келет. Фагоциттер душман менен бетме-бет согушушат. Кандайдыр бир мааниде аларды душманга биринчи жолуккан солдаттарга окшотсок болот.
Кээде фагоциттер душмандын таралуу ылдамдыгына жетише албай калышат. Мындайда макрофагдар ишке киришет. Макрофагдарды болсо душмандын ичине сүңгүгөн атчан жоокерлерге окшотууга болот. Ошол эле учурда макрофагдар өзгөчө бир белок чыгарышып, денеде жалпы коңгуроонун кагылышын, б.а. дене температурасынын көтөрүлүшүн камсыз кылышат.
Бирок макрофагдардын өтө маанилүү дагы бир өзгөчөлүгү бар. Макрофаг клеткасы бир вирусту тутуп жутканда, вирустун өзгөчө бир бөлүгүн үзүп алат. Ал бөлүктү бир желектей кылып көтөрүп жүрөт. Ал бөлүк иммундук системанын башка мүчөлөрүнө бир ишарат жана ошондой эле, бир маалымат болот.
Душманды макрофагдан алган маалымат аркылуу тааныган жардамчы Т-клеткалардын биринчи жумушу өлтүргүч Т-клеткаларга кабар берүү жана алардын көбөйүшүнө сигнал берүү болот. Сигнал алган өлтүргүч Т-клеткалар кыска убакыт ичинде бир армияга айланышат. Жардамчы Т-клеткалар өлтүргүч Т-клеткаларга сигнал берип эле тим болушпайт. Мындан тышкары, окуя болуп жаткан жерге көбүрөөк фагоциттин келишин камсыздашат жана душман жөнүндө чогулткан маалыматтарын көк боор менен лимфа бездерине жеткиришет.
Лимфа бездерине жеткенде, ал маалыматтын негизинде өз кызматын күтүп турган В-клеткалар ишке киргизилет. (В-клеткалар жилик чучугунда өндүрүлгөн соң өз кызматын күтүү үчүн лимфа бездерине барышат.)
Ишке киришкен В-клеткалар бир катар баскычтардан өтүшөт. Сигнал алган В-клеткалардын баары көбөйүп башташат. Бирдей типтеги миңдеген клетка пайда болгонго чейин. Согушка даяр абалга келген В-клеткалар бөлүнүп, өзгөрүшүп плазма клеткаларга айланышат. Плазма клеткалар болсо антителолорду чыгарышат. Чыгарылган антителолор душман менен согушканда колдонулчу куралдар болуп саналат. Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, В-клеткалар секундасына миңдеген курал (антитело) өндүрө алышат. Өндүрүлгөн ал куралдар колдонууга өтө ыңгайлуу. Алгач душманга жабышып, андан соң душмандын (антигендин) биологиялык түзүлүшүн бузушат.
Эгер вирус клетканын ичине кирип кетсе, антителолор вирусту кармай албай калышат. Мындайда өлтүргүч Т-клеткалар ишке киришет жана MHC молекулалары урматында клетканын ичиндеги вирустарды аныктап, клетканы өлтүрүшөт.
Бирок вирус өлтүргүч Т-клеткалар да байкабай турган болуп камуфляжданса, эми ишке кыскача NK деп аталган «табигый өлтүргүч клеткалар» (natural killer cells) киришишет. Бул клеткалар башка клеткалар байкабаган ичтеринде вирусу бар клеткаларды талкалашат.
Согуш жеңиш менен аяктаган соң токтотуучу Т-клеткалар согушту токтотушат. Согуш бүткөн болот; бирок эч качан унутулбайт. Эске тутуучу клеткалар душманды эми эстеп калышат. Көп жылдар бою денеде жашаган бул клеткалар ошол эле душманга кайра жолукканда коргонуунун өтө тез жана натыйжалуу болушуна шарт түзүшөт.
Бул согуштун баатырлары аскердик таалим алышкан эмес.
Бул согуштун баатырлары акылы бар адамдар эмес.
Бул согуштун баатырлары миллиондогону бир жерге чогулганда бир чекитчелик да болбой турган кичинекей клеткалар.


Болгондо да, адамдарды таң калтырган бул армия согушуп эле тим болбойт. Согушуп жатканда колдонгон бүт куралдарын өзү өндүрөт, бүт согуш пландарын, стратегияларын өзү жөнгө салат жана согуштан соң майданды тазалайт. Сиздин оюңузча бул иштердин баары клеткалардын эмес, адамдын башкаруусунда болгондо, мунун баарын уюштура алат белек?

Эгер дененин ичиндеги согуш
адамдардын башкаруусунда болгондо...

Адамдар денелерине микроб же вирус киргенин башында билишпейт. Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин оорунун белгилери башталганда гана муну түшүнө алышат. Бул вирустун, бактериянын жана ушул сыяктуунун денеге качан эле жайгашкандыгынын далили болот. Ошондуктан микробдорго каршы биринчи кийлигишүү жасалбай калат. Мындай жагдайлар көбүнчө оорунун бир топ күчөп кетишине себеп болгондуктан, натыйжада орду толгус кыйынчылыктар келип чыгат. Дарылоого мүмкүн болгон же жеңил бир оору да, кийлигишүүнүн кеч болушу натыйжасында, кээде өлүмгө да себеп болушу ыктымал.
Эми иммундук системанын мүчөлөрүн башкаруу иши толугу менен адамдын эркине ташталган, согуштун жүрүшүн адам өзү аныкташы керек деп элестетели. Анда кандай кыйынчылыктарга туш болоор элек?
Ооруну башталганда эле аныктай алдык дейли. Тездик менен жат клеткалар турган аймакка жоокер клеткаларды жөнөтүү жана В-клеткаларды курал (антитело) өндүрүшү үчүн ишке киргизүү керек болот. Жат клеткалардын түрү менен орду кантип так аныкталат? Бул өтө маанилүү, себеби дарылоо жолу ушуга жараша тандалат. Денеге душман кирди деген кичине эле бир күмөн пайда болгондо, эч кечикпестен докторго барып дененин бүт тарабын, ар бир тамчы канды жакшылап текшертүү керек болот. Антигендердин түрү менен ордун аныктоонун башка жолу жок. Болгондо да, буга кеткен узун процесс кийлигишүүдө кеч калууга себеп болот. Ошентип кичине эле күмөн пайда болгондо докторго барып, мындай процесстерден өтүүнүн адамдардын жашоосун канчалык оордоштуруп, кыйнаары белгилүү.


Эптеп убагында кийлигишүү жасалып, антигендердин түрү менен орду толук аныктала алды дейли. Душмандын түрүнө жараша алгач фагоциттерди жөнөтүү керек болот. Фагоциттерди керектүү жерге кантип жибере алабыз? Аларга кандай сигнал берип, душман клеткалардын ордун оңой гана таба алышына көмөкчү боло алабыз? Эч колубуздан келбеген бул ишти да жасай алдык дейли. Эми кезек фагоциттердин душманды жеңип же жеңе албаганын билүүгө келет. Себеби ошого жараша же макрофагдар жөнөтүлөт же согуш токтотулат. Албетте, мунун да жалгыз жолу кайрадан докторго барып, жакшылап текшерүүдөн өтүү болот. Эгер жеңе алышпаган болсо, ал аймакка экинчи күчтү, макрофагдарды жөнөтүү керек. Бул кезде доктордун текшеришине кеткен убакыт биздин зыяныбызга иштейт. Макрофагдардын болсо убакыт жоготпостон, душмандын бир бөлүгүн үзүп алып аны менен жардамчы Т-клеткаларга сигнал беришин уюштуруу керек болот. Себеби жардамчы Т-клеткалар өлтүргүч Т-клеткаларга сигнал берип, натыйжада дагы бир күрөш башталат. Бул клеткалардын да ийгиликке жетип-жетпегенин текшерип –бул үчүн кайрадан доктордон текшерүүдөн өтүү керек болот- NK клеткаларды чакыруу зарыл. Дагы бир, акыркы текшерүүдөн соң дененин ооруну иммундук система аркылуу жеңип же жеңе албаганы түшүнүктүү болот.
Адамдан бир эле иммундук системаны башкаруу талап кылынса, ушунчалык оор жана татаал иштерди жасашы керек болот. Б.а. жөнөкөй бир суук тийгенде да кайра кайра докторго барып, өтө өнүккөн медициналык аппараттар менен, өтө көп чыгым кетирип клеткаларды карап, тынымсыз аларды багыттоо зарылчылыгы туулат. Кичине эле кечигүү же жасала турган иштерде кетирилген бир кемчилик ооруну андан да күчөтөт. Адамдан ал клеткаларды жасашы, алардын душманды таанышын, ылайыктуу антитело өндүрүшүн камсыз кылышы жана жасала турган бүт иштерди өзү үйрөтүп уюштурушу талап кылынсачы... Албетте, мындай жашоо, бир аз мурда айтылган модельден алда канча оор, кыйын, жана ал тургай мүмкүн эмес болмок.















Канда миллиондогон сандагы лимфоцит денеге зыян тийгизүүчү организмдерди өлтүрүүдө кызмат кылат. Бул сүрөттө өлтүргүч Т-клетка (апельсин өңүндө) бир рак клеткасына чабуул жасап жатат. Т-клетка күйгүзүүчү ферменттери менен клетканы өлтүрөт. Чабуулдан соң рак клеткасынын чоң, дээрлик жылаңач, тоголок ядросу гана калат (чоң сүрөт).

Бирок Аллах адамдан бул жүктү алып, бүт системаны өзүн-өзү уюштура турган, эч катасыз иштей турган кылып жараткан. Иммундук системабыз да ааламдагы бүт нерселер сыяктуу өзүнүн жаратылуу талабын аткарып, адам өмүрүнүн өтө маанилүү бир мүчөсүнө айланган:
Жана «өзүнүн жаратылышына ылайык» Раббисине моюн сунганда... (Иншикак Сүрөсү, 2)

Толеранттуулук

Иммундук системанын дос жана душман клеткаларды рецепторлору аркылуу тааный турганын жогоруда карадык. Бирок кээ бир душмандардын курулуш материалдары дененин кээ бир кыртыштарынын курулуш материалы менен бирдей. Бул болсо иммундук система үчүн чоң бир маселеге айланат. Мындай жагдайда иммундук система жаңылып өз кыртыштарынын кээ бирлерине да кол салышы керек болот.
Сүрөттө организмдин өз клеткаларына душмандай 
көрүп жаңылып чабуул жасашы көрсөтүлгөн

Бирок кадимки шарттарда ден-соолугу жайында болгон бир адам денесинде мындай болбойт. Иммундук система өзү тиешелүү болгон организмдин молекула, клетка жана кыртыштарына кол салбайт. Медицинада иммундук системанын бул өзгөчөлүгү «толеранттуулук» деп аталат.
Бул өтө маанилүү бир керемет. Себеби иммундук система миңдеген түрдүү белокту бир-биринен айырмалай алат. Мисалы, иммундук система кандагы гемоглобинди карын астындагы бездеги инсулинден же көздөгү айнек сымал нерседен жана дагы көптөгөн белок түзүлүшүнөн айырмалай алышы керек болот. Иммундук система жат молекулаларга каршы айоосуз согуш жүргүзүп, денеге тиешелүү кыртыштарга зыян тийгизбеши зарыл.
Изилдөөчүлөр дененин өз кыртыштарына толеранттуулук көрсөтүүнү кантип үйрөнүшкөнү жөнүндө көп жылдар бою изилдөө жүргүзүштү. Бирок эң негизги лимфоциттер болгон Т жана В-клеткалардын дененин өзүнө эмне үчүн кол салбаганы жөнүндөгү терең жыйынтыктар акыркы жыйырма жылда гана алына алды. Адамзат көп жылдар бою изилдеп –бир бөлүгүн гана- түшүнө алган мындай толеранттуулук процесси адамзат жаралгандан бери иштеп келе жатат.
Клеткалар мынчалык көп түрдүү түзүлүштөрдү тааный турган системага кантип ээ боло алышкан? Эволюция теориясы айткандай, аң-сезимсиз кокустуктар натыйжасындабы? Мындай аң-сезим, илим жана акыл талап кылган бир тандоо жөндөмүнүн аң-сезими жок (аңкоо) атомдордон турган түзүлүштөр тарабынан кокустан пайда кылынышы, албетте, эч мүмкүн эмес.
Лимфоциттердин туура тандоону жасашы үчүн атайын жаратылган системалары тереңирээк изилденгенде, «кокустук» көз-карашынын канчалык логикасыз жана акылга сыйбастыгы жакшыраак көрүнөт.
Богок бези же жилик чучугу ичинде өрчүгөн бир иммундук клетка дененин өз продукттарына каршы чыкса өлтүрүлөт же таасирсиз кылынат. Жетилген бир лимфоцит дененин өз продукттарынын бирине каршы чыкса көбүнчө ушундай эле натыйжага туш болот. Б.а. денеге зыян тийгизиши ыктымал болгон бир иммунитет мүчөсү же өлтүрүлөт же болбосо өзүн-өзү жок кылат.
Эгер бир Т-клетка дене клеткасы менен күрөшө турган болуп калса, кол салбайт жана өзүн-өзү таасирсиз кылат. Ошол сыяктуу денеде антиген өзгөчөлүгүн көрсөткөн, бирок жок кылынбаш керек болгон бир зат бар болсо, дене антитело өндүрбөйт жана ал затка кол салбайт.
Денеде 1 триллион лимфоцит бар экенин эске алсак, бул клеткалардын ар биринин душман клеткаларга каршы гана күрөш жүргүзүп, дос клеткаларга кол салбашынын канчалык зор бир дисциплина жана тандоочулук талап кылаарын жакшыраак түшүнө алабыз.

Корголгон барьер

Эне жатынындагы эмбрион негизи дене үчүн жат бир зат болуп саналат. Ошондуктан денеде алгач пайда болгон кезде организм ага каршы бир согуш баштайт. Душмандай мамиле кылынган эмбриондун пайда болушуна жол берилбейт. Бирок бул жат нерсе ыктымалдуу кол салууга даяр болот. Эч кыйынчылыксыз пайда болуп, тогуз айга созулган узак убакыт бою ал жерде антителолордун чабуулуна туш болбостон толук өрчүп жетиле алат.
Бул кандайча болот?
Эмбрионду курчаган өзгөчө бир барьер (тосмо) кандагы азыктарды гана ичине киргизе турган болуп жаратылган. Эмбрион жашоосу үчүн керектүү азыкты алып, аны жок кыла турган антителолордон изоляция кылынат.
Антпесе, антителолор жат бир нерсе катары көргөн эмбрионго чабуул жасап, аны жок кылышмак. Эмбриондун мынчалык өзгөчө бир коргоо менен антителолордон сакталышы – эне курсагындагы жаратылуунун (Аллахтын жараткандыгынын) эч кемчиликсиз мисалдарынын бири.
Мутация да, табигый тандалуу да же башка бир «эволюция механизми» да мынчалык кемчиликсиз бир жаратууну эволюция жомогунун ичине кошо албайт. Бул системада апачык бир Аллахтын жаратуу керемети бар. Аллах Куранда эмбриондун бекем корголгон бир жерге жайгаштырылганын мындайча кабар берет:

Силерди болгону бир суудан жаратпадыкпы? Анан аны бекем корголгон бир жайгашуучу жерге жайгаштырдык. Белгилүү бир убакытка чейин. Мына (ага) кудуреттүү болдук. Демек, Биз кандай жакшы кудуреттүүбүз. (Мурсалат Сүрөсү, 20-23)

Албетте, бул клеткалар да жаңылган, өз кызматын толук аткара албаган учурлар да бар. Бирок эгер Аллах каалаганда анын да болмок эмес экенин унутпаш керек. Дүйнө жашоосунун канчалык убактылуу, канчалык кемчиликтүү экенин түшүнүү үчүн мындай оорулар даанышмандык менен жаратылат. Ушунча көп ооруларга карабастан, адам өзүн жараткан Аллахтын алдында канчалык алсыз экенин унутуп калышы мүмкүн. Бүт өнүккөн технологияларга карабастан, Аллах кааласа гана шыпаа таап, өмүрүнүн уланаарын ойлобогон кездер болушу мүмкүн. Өмүрүндө дайыма тирүү жана ден-соолугу чың жашачудай, эч өлбөчүдөй жана сурак күнү Аллахтын алдында эч сурак бербечүдөй сезилип, жаңылыштыкта күн өткөрүп жүрө бериши мүмкүн. Ооруп, кыйынчылыкта жана муктаждыкта жашагандардын абалын эч түшүнбөстөн жашашы мүмкүн. Ошондуктан ден-соолугунун чың болушунун канчалык чоң немат-жашылык экенин, мындай кездерин жакшы жана натыйжалуу өткөрүшү керек экенин да билбейт. Мындай адамга бул айтылгандарды түшүндүрүү да өтө кыйын болот. Оорулар болсо адамга булардын баарын бир заматта түшүндүрүп койот. Ошол кезге чейин балким эч ойлобогондорун, Аллахтын кудурети алдындагы алсыздыгын, чарасыздыгын, Раббибиздин уруксаты менен пайда болгон технологиянын да кайра эле Анын уруксаты менен ишке жарай алаарын, муктаждыктагы адамды, өлүмдү, ал тургай, оорунун даражасына жараша өлүмдөн кийинкилерди да ойлонуп баштайт. Ден-соолуктун баркын түшүнөт. Эч ойлонбостон жабышкан, ал үчүн дээрлик бүт нерсесин берген дүйнө жашоосунун ага болгон туруксуздугуна күбө болот. Жана ошол кезге чейин чыныгы мекен болгон акырет жашоосу үчүн кылгандарынын жетиштүү же жетишсиз экенин таразалап баштайт.
Чындап эле биз үчүн чыныгы мекен – бул дүйнө эмес, акырет мекени. Ал жактагы жашоо бул жердегидей жылдар менен да; уйку, тамактануу, тазалануу сыяктуу мажбурлуу муктаждыктар жана оорулар менен да чектелбейт. Бейиштеги чексиз немат-жакшылыктар бир аятта төмөнкүдөй баяндалат:

Алар напсилери (көңүлдөрү) каалаган (сансыз немат-жакшылыктар) ичинде түбөлүккө жашашат. (Анбия Сүрөсү, 102)

Бирок көп адамдар ооруганда гана булардын баарын, ден-соолугунун баркын, дүйнөнүн убактылуу экенин ойлонуп, шыпаа үчүн дуба кылат; бирок шыпаа таап, баары өз ордуна түшкөндө болсо бүт баарын, дубасын да унутат. Улуу Аллах акыйкат китебибиз Куранда «адамдарга бир зыян келгенде, «чын көңүлдөн толук моюн сунуп», Раббилерине дуба кылышат; анан Өзүнөн аларга бир мээрим таттырганда болсо, ошол замат бир тобу Раббилерине шерик кошушат» (Рум Сүрөсү, 33) аяты менен адамдардын ушундай өзгөчөлүгүнө көңүл бурган.


Баарынан кабардар Аллах (Хабир) кулдарынын мындайлыгын да билгендиктен, миңдеген түрдүү ооруларды жараткан. Баары адамдардын жанында эле турат. Булардын бирөөсүнүн, балким эң коркунучтуусунун сизге келип калбашына эч кандай кепилдик жок. Денебиздеги кереметтүү органдарыбыздын ар бирин, ар системанын иштешин жана тартибин буза ала турган ар кандай жагдайлар бар. Булардын баары адамга дүйнө жашоосунун убактылуулугун эскертүү үчүн жаратылган себептер. Адамдын милдети болсо – булардын баарын ойлонуу жана Аллахка багытталып, Раббибиздин ыраазы болушун үмүт кылып, Куранга ылайык жашоо.

пятница, 8 ноября 2013 г.

СИСТЕМАДА КЫЗМАТКЕР КЛЕТКАЛАР


Эгер бир душман денебиздин бүт тоскоолдуктарынан өтүп, денебизге кире алса, бул коргонуу (иммундук) армиясы жеңилди деген мааниге келбейт. Тескерисинче, чыныгы согуш эми башталган болот жана чыныгы күчтүү аскерлер эми ишке киришишет. Аларды биринчи тосуп алган аскерлер болсо денебизди тынымсыз кыдырып жүргөн жана айлананы тынымсыз көзөмөлдөгөн жегич клеткалар, фагоциттер болот.
Булар – дененин ичине чейин кирген кааланбаган микробдорду жутуучу жана керек болгондо иммундук системага сигнал берүүчү «өзгөчө тазалагыч клеткалар».
Денебизге кирген өтө кичинекей бөлүкчөлөр жана суюктук абалындагы жат заттар иммундук системанын кээ бир клеткалары тарабынан алынып, майдаланып, сиңирилет жана жок кылууга аракет кылынат. Бул кубулуш «фагоцитоз» (клетка жутуучулук) деп аталат.
Фагоцитоз иммунитеттин эң негизги мүчөлөрүнүн бири. Себеби инфекцияга каршы бат жана көбүнчө толук коргоону камсыз кылат.
Фагоцит клеткаларын «дененин полициялары» десек, аларды 2 топто карасак болот.
1- Кыдыруучу полиция командалары: Булар канда айланышат жана керек болгондо кыртыштардын арасында кызмат кылышат. Бүт денени кыдыруучу бул клетка командалары ошол эле учурда таштанды тазалагыч кызматты да аткарышат.
2- Туруктуу полиция командалары: Ар кайсы кыртыштардын араларындагы боштуктарга жайгашып, кыймылдабастан, микроорганизмдерди турган жеринде фагоцит кылуучу туруктуу (бир орунда туруучу) макрофагдар.

Бул сүрөттө бир фагоцитоз кубулушу көрсөтүлгөн.
Макрофаг (сары түстө) бактерияларды (көк түстө) сиңирип жатат

Эгер денеге кирген антиген (жат микроорганизм) колдогу жегич клеткалар түгөтө ала турганчалык аз болсо, эч коңгуроо кагылбастан жок кылынат. Бирок денеге кирген микробдор өтө көп санда болсо, кээде клеткалар аларга күчү жетпей, баарын сиңире албай калат жана көлөмдөрү чоңойот. Натыйжада антигендер тарабынан бузулгандыктан, жарылышып, бир суюктук (инфекция) абалында сыртка чыгышат. Бул согушта жеңилүү деген мааниге келбейт. Себеби жегич клеткалар микробдорду болгону тосуп алган болушат, алдыда өтө оор дагы тоскоолдук бар. Мындай инфекциянын пайда болушу жилик чучугунан, лимфа бездеринен, баарынан мурда богок безинен жөнөтүлгөн лимфоциттерди ишке киргизет. Экинчи бир сокку катары жаңы коргонуу клеткалары бүт нерсеге, клетка калдыктарына, антигендерге, ал тургай, эски лейкоциттерге да чабуул койушат. Булар чыныгы жегич клеткалар болгон макрофагдар.

Биринчи жардам күчтөрү: макрофагдар

Макрофагдар согуш кызыганда ишке киришишет. Макрофагдардын өзүнө тиешелүү, өзгөчө бир иштөө стили бар. Антителолор сыяктуу жекеме-жеке иштешпейт. Б.а. алар сыяктуу бир максатты көздөгөн бомба сымал бир системалары жок. Макрофагдар чачма бир мылтык же бир учурда көп максатты көздөгөн бир бомба сыяктуу бир убакта көп душманды жок кыла алышат.
Башка коргонуу клеткалары сыяктуу, жилик чучугунан чыккан макрофагдар өтө узун өмүрлүү болушат. Айлар бою, ал тургай, жылдар бою жашай алышат. Макрофагдар көлөмү кичинекей болгону менен (10-15 микрометр), адам өмүрү үчүн өтө чоң мааниге ээ. Чоң молекулаларды фагоцитоз (жутуу) аркылуу клетканын ичине алып сиңирүү өзгөчөлүгүнө ээ.
Жута алуу касиеттери урматында иммундук системанын таштанды тазалагыч мүчөлөрү сыяктуу кызмат аткарышат. Организмде кездешкен жана тазаланышы керек болгон заттарды, микроорганизмдерди, антиген-антитело комплекстерин жана антиген курамындагы башка заттарды жок кылышат. Бул процесстер натыйжасында антиген сыпатындагы заттар сиңирилгендиктен, организм үчүн коркунучтуу болбой калышат.
Макрофагдар жат заттарды жутуп жатат

Жалпы коңгуроо

Бир өлкө согушка киргенде өлкө масштабында мобилизация жарыяланат. Бүт табигый ресурстар менен каражаттардын баары биринчи кезекте согуш чыгымдарына сарпталат. Экономика толугу менен бул өзгөчө кырдаалга карата жөнгө салынып, өлкө жалпылай аракет кылып баштайт. Дененин иммундук армиясы бүт мүчөлөрү менен катыша турган бир согушта да сөзсүз бир мобилизация жарыяланышы керек. Кантип дейсизби?
Эгер душман чабуул койгон макрофагдардын күчү жете тургандан көбүрөөк болсо өзгөчө бир зат бөлүп чыгарылат. Бул заттын аты «пироген», жана бир мааниде коңгуроонун кагылышын билдирет.
Пироген көп жолду басып өтүп мээге жетет жана мээнин температураны көтөрүүчү борборуна сигнал берет. Пироген баштаган реакцияга дагы көп заттар да катышат. Бул сигналдан соң мээ денеде коңгуроо чалып, адамдын температурасы көтөрүлөт. Температурасы көтөрүлгөн оорулуу алсырап, эс алгысы келип калат. Натыйжада иммундук армия муктаж болгон энергия башка жактарга сарпталбай калат.
Бул жерде кемчиликсиз бир план бар. Болгондо да, керектүү нерселердин баары бул план иштеши үчүн кемчиликсиз жаратылган; макрофагдар, пироген менен башка заттар, мээнин температураны көтөрүүчү борбору, дененин температура көтөрүүчү механизмдери...
1- Макрофагдын бактерияны жутушу. 
Макрофаг бактерияны колго киргизүү үчүн алга узанат.
2- Бактериялар макрофаг мембранасынын бутактары 
арасында кысып кармалышат

3- Макрофаг мембранасына кысылган бактериялар
бир-бирден сиңирилишет


Булардын бирөөсү эле кем болсо система иштебейт. Ошондуктан мындай системаны эч качан эволюция натыйжасында акырындап (баскыч баскыч) өнүгүп отуруп пайда болгон деп айтууга болбойт.
Андай болсо бул планды ким жасаган?
Дененин температурасынын көтөрүлүшү керек экенин, ошондо гана иммундук армия муктаж болгон энергиянын башка жактарга сарпталбашын билген ким?
Макрофагдарбы?
Макрофагдар көзгө да көрүнбөгөн кичинекей клеткалар жана ойлонуу жөндөмдөрү да жок. Курулган системага моюн сунган жана өз кызматын кемчиликсиз жасаган жандыктар гана.
Мээби?
Жок. Мээнин да бир нерсени жаратуу, пайда кылуу күчү жок. Башка системалардагы сыяктуу бул системада да мээ буйрук берүүчү эмес, буйрукка моюн сунуучу жана баш ийүүчү абалда болот. Эң негизгиси, макрофагдарда өндүрүлгөн пироген так мээнин температураны көтөрүүчү механизмине таасир тийгизе тургандай жаратылган. Ошондуктан макрофаг, пироген, мээнин температура көтөрүүчү борбору менен мээ бир убакта, бирдей жаратылган болушу керек.
Макрофаг (А) калпычы бут (В) деп аталган бир кол созуу кыймылы менен
бактерияны (С) тузакка түшүрүү үчүн ага жетет

Адамбы?
Жок. Адам али өз денесинде мынчалык кемчиликсиз бир системанын иштеп жатканын да биле электе, бул система аны сөзсүз өлүм менен аяктай турган абалдан сактайт. Болгондо да, адамга «өз денеңдин ичинде температураны көтөрө турган, душмандар менен согуша турган бир армия иштеп чык жана ал армия бүт денеңде жыйырма төрт саат кызмат кылсын» деп айтылса дагы, адамдын колунан эч нерсе келбейт.
Бүгүнкү күндө адамзат колундагы ушунчалык технологиясы менен –буга окшош бир системаны жасоо мындай турсун- иштеп жаткан системанын майда-бараттарын түшүнүүгө да алсыз болууда.
Адамдын бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге жаратылганы ачык бир чындык. Жаратуучубуз Аллахка жана Ал курган системаларга –кааласа да, каалабаса да- моюн сунган. Бүт жандык жана нерселер моюн сунган сыяктуу. Бир аятта Раббибиз мындайча билдирет:

...Жок, асмандардагы жана жердегилердин баары Аныкы, баары Ага чын көңүлдөн моюн сунушкан. (Бакара Сүрөсү, 116)

Маалымат которуу

Макрофагдардын дагы бир таң калаарлык кызматы болсо – бул лимфоциттерге, б.а. иммундук системанын чыныгы баатырлары болгон В жана Т-клеткаларына душман жөнүндөгү маалыматтарды бериши. Берүүчү клеткалар антигенди алган соң лимфа жолу менен жүрүп лимфа бездерине (лимфалык кыртышка) барышат.
Бул өтө маанилүү нерсе. Себеби бир клетканын душманга тиешелүү бир маалыматты алган соң ал маалыматты керектүү жерлерге жеткириши бир акыл жана аң-сезимдин натыйжасында гана болушу мүмкүн. Макрофаг клеткасы бул маалыматты лимфоциттердин анализ кылаарын жана иммундук системанын жалпы стратегиясын билиши керек. Макрофаг клеткасынын бир бүтүн абалда иштеген системанын –башка клеткалар сыяктуу- моюн сунган бир мүчөсү экени апачык көрүнүп турат.

Чыныгы баатырлар: лимфоциттер

Лимфоциттер – иммундук системанын эң негизги клеткалары. Денедеги оор согуш өзгөчө лимфоциттердин күчтүү аракеттери натыйжасында жеңиш менен аяктайт. Ар этабы кереметтүү даражада кызык жана таң калыштуу болгон бул клеткалардын өмүр баянынын өзү эле эволюция теориясынын чириктигин көрсөтүүгө жетиштүү.
Согуш учурундагы лимфоциттер (сары түстө). Жогоруда 
рак клеткалары менен күрөшкөн лимфоциттер көрсөтүлгөн

Кызыл канда, көп санда ак канда да кездешүүчү бул эр жүрөк жоокерлер жилик чучугунда, лимфа жана шилекей бездеринде, көк боордо, бадам сымак безде (алкым безинде) жана муундарда болушат. Бирок лимфоциттердин негизги жайгашкан жана өндүрүлгөн жери – бул жилик чучугу.
Жилик чучугунда лимфоциттин пайда болушу биологиянын эң табышмактуу кубулуштарынын бири. Ал жерде көк клеткалар (stem cell) бир канча биологиялык этаптан тездик менен өтүп, жапжаңы бир түзүлүшкө, б.а. лимфоциттерге айланышат. Гендик инженерияда ушунчалык зор өнүгүүлөр болсо да, эң жөнөкөй микроб түрлөрүнүн да ага окшогон түрлөргө айланышынын мүмкүн эместигин эске алганыбызда, жилик чучугундагы бул кубулуштун табышмактуулугу андан да артат. Илим алигече толук чечмелей албаган бул табышмак денебиз үчүн өтө жөнөкөй бир процесс. Ушул себептен эволюцияны жактаган көп илимпоздор мындай айлануу процессинин сырын кокустук, табигый тандалуу же мутация жомоктору менен түшүндүрүүнүн мүмкүн эместигин моюнга алышкан. Мисалы, жөнөкөй бир клеткадан лимфоцит сыяктуу, дээрлик согуштун бүт жүгүн аркалаган татаал бир клетканын эволюция аркылуу пайда боло албашын профессор, илимдин доктору Али Демирсой мындайча мойнуна алган:
Акыркы убактарда гипотеза кылынган татаал клеткалар эч качан примитивдик (жөнөкөй) клеткалардан эволюциялык процесс менен өнүгүп пайда болгон эмес.7
Бул чындыкты азыркы илимпоздор негизи өтө жакшы билишет. Бирок бул чындыкты кабыл алганда бир Жаратуучунун бар экенин да сөзсүз кабыл алууга мажбур болушаары анык. Муну болсо көпчүлүгү каалабайт.
Дүйнөгө таанымал биохимик Майкл Дж. Бехе эволюционисттердин Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу үчүн кээ бир чындыктарды көрмөксөн болушаары жөнүндө мындай дейт:
Мындан тышкары жана тилекке каршы, көп айтылган сын-пикирлер жаратууну (Аллахтын жаратканын) жактагандардын колуна көзүр (козырь) берүүдөн коркуп илим жамааты тарабынан көрмөксөн болунду. Илимди коргоо атына табигый тандалууга каршы айтылган күчтүү илимий сын-пикирлердин четке түртүлүшү өтө шылдыңдагандык.8
Көрмөксөн болунган чындыктардын бири болгон мындай табышмактуу айлануу процесси натыйжасында пайда болгон лимфоциттердин иммундук системадагы ролу да өтө кызыктуу. Лимфоциттер күнүнө бир канча жолу бүт дене клеткаларын текшерип, оорулуу клеткабы же эмеспи деп карап чыгышат. Оорулуу же улгайган клетканы көрүшсө, аларды жок кылышат. Денебизде болжол менен 100 триллион клетка бар жана лимфоциттер мунун 1%ын гана түзүшөт.
Эми бир өлкөнү элестетип көрүңүз жана ал өлкөнүн элинин саны өтө көп болсун; 100 триллиондой. Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин, б.а. лимфоциттердин саны болсо 1 триллион. Дүйнөдөгү калктын санын орточо 7 миллиард десек, сиз элестеткен өлкөңүздө жашаган адамдардын саны дүйнө калкынын санынан болжол менен 14 миллион 285 миң эсеге көп болот. Мынчалык көп адамдын ден-соолугун бир-бирден, болгондо да бир күндө бир канча жолудан текшерип турууга болобу?
Мүмкүн эмес дейсиз, бирок бул процесс денеңизде күн сайын жасалып турат; лимфоциттер бүт денеңизди күнүнө бир канча жолу кыдырып ден-соолук текшерүүсүнөн өткөрүп турушат.
Мынчалык чоң бир жандыктар тобунун өтө уюшуп иш алып барышы кокустуктардын натыйжасы болушу мүмкүнбү?
Бир триллион лимфоцит клеткасынын ар биринин мынчалык оор жана жоопкерчиликтүү кызматты аркалашынын себеби кокустуктарбы?
Албетте, жок!
Кароолдо жүргөн бир иммундук клетка: лимфоцит

Бир триллион лимфоциттин ар бирин жараткан жана ал лимфоциттерге адамды коргоо жоопкерчилигин берген – бул Ааламдардын Рабби Аллах.
Лимфоциттердин СПИД, рак, кутуруу, кургак учук (туберкулез), ангина жана ревматизм сыяктуу негизги ооруларга каршы өтө маанилүү ролдору бар. Албетте, бул лимфоциттердин башка ооруларда ролу жок деген мааниге келбейт. Суук тийүү деген оору дагы – бул лимфоциттердин жөндөмдүүлүгү урматында өтө кооптуу болгон суук тийүү вирустарын денеге киргизбөө күрөшү.
Адам денеси антителолорду колдонуп көп душмандарды жеңе алат. Ушул себептен «лимфоциттер ансыз да антитело өндүрүп согушка өтө маанилүү бир салым кошушат, эмне үчүн согушка түздөн-түз кийлигишсин» деген ой келиши мүмкүн. Бирок микробдордун арасында ушунчалык күчтүүлөрү болгондуктан, ал микробдорду өлтүрө алуу үчүн өтө күчтүү химиялык уулар талап кылынат. Кээ бир лимфоциттер ушундай химиялык ууларды колдонушуп, согушка түздөн-түз катышышат.
Иммундук система андай душмандарды кантип токтотот?
Эң биринчиден уу чыгара турган химиктер менен бир лаборатория керек болот. Себеби талап кылынган зат кокустан пайда боло албай турган өзгөчө бир түзүлүшкө ээ. Адам денесинин мындай душманга жолугаарын билген, тагыраагы адам андан насаат алышы үчүн мындай душманды жараткан Аллах лимфоциттерге ал ууну синтездөө жөндөмүн да берген.
Ал химиялык затты өндүрө алса эле маселе чечилеби?
Жок, себеби ал зат канда эркин айлана албайт. Себеби, андай болсо өз клеткаларыбызды да өлтүрүп салат.
Андай болсо, ал ууну өз клеткаларыбызга зыян тийгизбестен кантип колдонууга болот? Бул суроонун жообу да лимфоциттердин кемчиликсиз жаратылышында жашырылган. Уулар лимфоциттердин клетка мембранасындагы чөйчөкчөлөргө жайгаштырылган. Бул химиялык куралды колдонууда да ыңгайлуулук жаратат. Лимфоцит душман клеткага тийгенде гана бул ууну ага киргизип, душманды өлтүрөт.
Лимфоциттер В жана Т-клеткалар болуп экиге бөлүнүшөт.

Дененин курал-жарак заводдору: В-клеткалар

Жилик чучугунда өндүрүлгөн кээ бир лимфоциттер жакшылап жетилип ишке жарактуу абалга жеткен соң, ал жерден чыгып, кан аркылуу лимфа кыртыштарына алып барылат. Мындай лимфоциттер В-клеткалар деп аталат.
В-клеткалар – дененин курал-жарак заводдору, жана душманды атуу үчүн антитело аттуу белокторду өндүрүшөт.

В-клетка болуу жолу
Клеткалар В-клетка боло алуу үчүн өтө татаал жана оор бир жолдон өтүшөт. Б.а. адам ден-соолугун коргой ала турган жоокер болуу алгач кыйын бир сынактан ийгиликтүү өтүүнү талап кылат.
Башталыштагы В-клеткалар алгач антитело молекуласын пайда кыла турган ген бөлүктөрүн кайрадан калыптандырышат. Калыптандыруу бүтөөр замат ал гендер копияланат. Бул жерде кичинекей бир клетканын калыптандыруу, копиялоо сыяктуу иштерди кантип жасашы өтө маанилүү. Себеби калыптандырылган жана копияланган нерсе – бул маалымат. Маалыматты чогултуу жана жыйноо ишин болсо акылы бар бирөө гана жасай алат. Калыптандыруудан алынуучу жыйынтык да өтө маанилүү. Себеби ал маалыматтар алдыда антителону өндүрүүдө колдонулат.
В-клеткалардын өзгөрүшү тездик менен уланат. Клеткалар кайдан келгени белгисиз болгон бир буйрук менен «альфа» жана «бета» деп аталган жана клетка мембранасын ороочу белокторду өндүрүшөт. Кийинки этапта антигендер менен биригишине шарт түзө турган кээ бир молекулаларды пайда кылуу үчүн бир катар комплекстүү процесстер аларды күтүп турат. Бүт мындай комплекстүү процесстер натыйжасында клеткалар душманды тийгенде тааный турган жана миллиондогон түрдүү курал-жарактарды өндүрө алган бир заводго айланышат.

Пайда болгон В-клеткалардын баары жашай алабы?
Иммундук системаны тереңирээк караган сайын кереметтер көбөйөт. В-клеткалар жогоруда да айтылгандай, антитело өндүрүшөт. Антителолор – бул душман клеткаларына гана зыян тийгизүү үчүн өндүрүлгөн куралдар. Бирок, пайда болгон В-клеткасы өндүргөн куралдар максатынан жаңылып дос клеткаларды атып баштаса эмне болот?
Бул этапта В-клеткасынын ичине башка клеткалар тарабынан бир сигнал жөнөтүлөт. Ал сигнал негизи клеткага берилген бир «өзүңдү-өзүң өлтүр» буйругу болот. Клетканын ядросундагы кээ бир ферменттер ишке киришип, клетканын ДНКсын талкалайт. Кемчиликсиз иштеген бир авто-контроль механизми денени коргойт. Натыйжада душманга зыян тийгизүүчү антителолорду өндүргөн В-клеткалар гана жашай алышат.
Башында бир ядро менен аз сандагы цитоплазмадан гана турган В-клеткалар антигенге жолуккан соң керемет өзгөрүшөт. Кайра кайра бөлүнүп цитоплазмаларында антитело жасай турган миңдеген монтаж пунктун жана ошондой эле, өндүрүлгөн ал антителолорду пакеттеп клетканын сыртына чыгарууда колдонуу максатында кеңири масштабдуу бир канал системасын түзүшөт. Бүт мындай процесстердин натыйжасында В-клеткалар он миллиондон ашык антитело молекуласын клетканын сыртына чыгара ала турган кубаттуулукка жетет.
Душманга жолукканда 10 миллион курал өндүрө ала турган бир заводго айлануучу бир клетка! Ал клетканын миллиондогон душманынын ар бири үчүн атайын, өзүнчө бир курал өндүрө алаарын да эстесек, кереметтин масштабын андан да жакшыраак түшүнөбүз.
Кээ бир В-клеткалар болсо «эске тутуучу клетка» болуп калышат. Алар денени коргоого башталаар замат катышышпайт, бирок келечектеги ыктымал бир согушта ылдам натыйжа алуу үчүн мурдакы кол салуучулардын молекулярдык маалыматтарын сакташат. Бул эске тутуу өтө күчтүү болот. Дене ошол эле душманга экинчи жолу жолукканда, бул жолу ылайыктуу куралды өндүрүү ишине тездик менен өтүлөт. Натыйжада коргонуу ылдамыраак жана натыйжалуураак болот.
Бул жерде кааласак, каалабасак, оюбузга мындай суроо келет: «өзүн эң өнүккөн бир жандыкмын деп ойлогон адамзаттын эс-тутуму кантип кичинекей бир клеткадан да начар болушу мүмкүн?»
Алигече кадимки бир адам эс-тутумунун кантип пайда болгонун жана кантип иштешин да түшүндүрө албаган эволюционисттер мындай эс-тутумду эволюция менен түшүндүрүүгө эч батынышпайт.
Миллиметрдин жүздөн бириндей чоңдуктагы бир үзүм эт эгер бир бирдик эле маалыматка ээ болуп, ал маалыматты адам кызыкчылыгына эң туура колдонсо, мунун өзү эле бир керемет болот. Бирок сөз болуп жаткан жагдай мындан алда канча татаал. Клетка адам кызыкчылыгы үчүн миллиондогон маалыматты сактап, аларды адамдын акылы жетпеген комбинацияларда туура колдонууда. Жана адам ал клеткалардын акылы урматында аман калып, жашоосун улантууда.
Эске тутуучу клеткалар – адамдын ден-соолугун коргоо үчүн жаратылган өзгөчө клеткалар. Аллах аларды өзгөчө күчтүү бир эске тутуу жөндөмү менен жабдыган. Болбосо, бир клетканын өз башы менен бир стратегия иштеп чыгып, ал стратегияга ылайык өзүнө маалымат сактоо жоопкерчилигин жүктөө мүмкүнчүлүгү жок. Болгондо да, стратегия иштеп чыгайын деп ойлонгудай клетканын мындай муктаждыктан кабары да жок. Мындан тышкары, эске тутуучу клеткалардын күчтүү эс-тутуму жөнүндө жооп күткөн дагы бир өзгөчө маанилүү суроо бар. Кадимки бир адамда секунда сайын сегиз миллион клетка өлүп турат. Өлгөн клеткалардын ордун жаңы клеткалар ээлейт. Ошентип зат алмашуу (метаболизм) тынымсыз өзүн жаңылап турат.
Бирок эске тутуучу клеткалардын өмүрү башка клеткалардан алда канча узун. Мындай касиети урматында эстериндеги маалымат менен көп жылдар бою адамдарды оорулардан коргошот.
Бирок ошентсе да, ал клеткалар өлүмсүз эмес, жана көп жылдардан кийин болсо да, аягында өлүшөт. Мына ушул жерде өтө таң калыштуу бир көрүнүш болот: эске тутуучу клеткалар өздөрүндөгү маалыматты өлөөрдөн мурда кийинки «урпакка» өткөрүп беришет. Мына ушундай эске тутуучу клеткалар урматында бир адам бала кезинде чалдыккан бир ооруга (свинка, кызамык ж.б.) чоңойгондо экинчи жолу чалдыкпайт.
Бир клетка ал маалыматты мураска калтырышы керек экенин кайдан биле алат?
Албетте, бул суроонун жообу – клетканын өз акылы эмес, аны Жараткан тарабынан ага берилген жөндөм.

В-клеткалар душманды кантип тааныйт?
Эми бүт тараптан согушка даяр болгон В-клеткалар денени коргоп баштаардан мурда дененин өз клеткаларын душмандардан айырмалаганды да үйрөнүшөт.
Бул үчүн алардан көп деле аракет талап кылынбайт. Себеби ал клеткалар менен алар өндүргөн антителолор душманды эч ортомчусуз, түз эле алардын формасынан тааный алышат. Алардын бетиндеги бир рецептор программаланган антигенге жолугуп, анын бир канча кичинекей аймагына уланат. Натыйжада анын жат экени түшүнүктүү болот. Мындай өзгөчөлүгү урматында В-клеткалар бактерия сыяктуу антигендерди оңой гана тааный алышат.

В-клеткалардын кызматы эмне?
В-клеткалар тынымсыз микроб издеген бир кароол сыяктуу. Кандайдыр бир кол салуучуга жолукканда, тездик менен бөлүнүп антитело өндүрүп башташат. Ал антителолор В-клетка рецепторлору сыяктуу микробдорго уланышат. Антителолор тарабынан жат деген тамга басылган душман клеткалар фагоциттер менен Т-клеткаларынын айоосуз күрөшү натыйжасында денеден алыстатылат. Б.а. В-клеткалар өндүргөн миллиондогон антителолору урматында душманды таасирсиз кылып, аны өлтүргүч клеткалар үчүн белгилеп коюшат. Бул жерде жат клеткаларды таасирсиз кылуу жана белгилөөдөй эле маанилүү дагы бир кубулуш бар. Ал болсо кантип аз сандагы ген менен мынчалык көп антитело өндүрүлө алат деген суроо менен байланыштуу.
Бактерияга оролгон бир В-клетка

«Антителолор» аттуу бөлүмдө да терең каралгандай, антителолорду жасоо үчүн В-клеткалар адам денесиндеги гендерди колдонушат. Бирок адам денесиндеги гендердин саны өндүрүлгөн антителолордун санынан аз. Бирок бул клеткаларга эч оорчулук жаратпайт. Бүт мындай кыйынчылыктарга карабастан, жетиштүү санда антитело өндүрө алышат.9 В-клеткалар бар болгон гендер менен комбинацияларга кирүү аркылуу өндүрүш жасашат. Бир клетканын өз акылы менен андай комбинацияларды жасашы мүмкүн эмес. Андай комбинацияларды жасоо жөндөмү Аллахтын каалоосу менен ал аң-сезимсиз клеткаларга берилген. Себеби Куранда кабар берилгендей, «... Ал бир иштин болушун чечсе, ага «БОЛ» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат.» (Бакара Сүрөсү, 117)
Аллахтан башка асмандардагы жана жердеги башка эч бир жандыктын күчү триллиондогон клетканын бир өзгөчөлүгүн да жөнгө салганга жетпейт. Денеге кирген душманды таасирсиз кылуу үчүн эң ылайыктуу куралды өндүрүү Аллахтын каалоосу менен гана болуп жатат.


Эр жүрөк жоокерлер: Т-клеткалар

Кээ бир лимфоциттер жилик чучугунда өндүрүлгөн соң богок безин көздөй сапарга чыгышат. Ал жерде көбөйүп, жетилген лимфоциттер Т-клеткалар деп аталат. Ал клеткалар өлтүргүч, токтоткуч жана жардамчы Т-клеткалар болуп эки түрдө жетилишет. Болжол менен үч жумага созулган бир окуу процессинен өткөн Т-клеткалар андан соң көк боорго, лимфа бездерине жана ичегилердеги кыртыштарга көчүп, кызмат убактысын күтүшөт.

Оор тандоолор башталат


Т-клеткалар В-клеткаларга салыштырмалуу алда канча татаал бир жолдон өтүп өз кызматын баштай турган абалга келишет. В-клеткалар сыяктуу алар да башында жөнөкөй клетка болушат. Ал жөнөкөй клеткалар Т-клеткага айлануу үчүн өтө татаал тандоолордон өтүшөт.
Биринчи тандоодо клетканын душманды таанып же тааный албашы текшерилет. Клеткалар душманды беттериндеги "MHC" (Major Histocompatibility Complex), б.а. антигенди бир катар химиялык процесстен өткөрүп Т-клеткаларга берүүчү молекуланын жардамы менен таанышат.
Натыйжада душманды тааный алган клеткалар жашай алышат, башкаларга болсо эч айоо жок, заматта өлтүрүлүшөт. Бирок душманды өтө жакшы тааный алуу Т-клеткалардын жашап калышы үчүн жетиштүү болбойт. Бул клеткалар денеге зыян тийгизбей турган заттарды жана дененин өзүнө тиешелүү кыртыштарын да жакшы таанышы керек. Антпесе, чындыгында керексиз болгон бир согуш башталып, ал болсо денеге зыян тийгизет.

Т-клеткасынын аман калуу согушу

Т-клеткалар үчүн сынак али бүтө элек болот. Т-клеткасына талапкерлердин кээ бирлери башка клеткалардан алган сигналдар натыйжасында өз өмүрлөрүн кыйышат.
Клеткалардын программалуу өлүшүнө, өмүрүн улантышына же чоңойуп өзгөрүшүнө себеп болгон сигналдар жөнүндө өтө аз маалымат бар. Бул азырынча иммундук системанын –илим тарабынан- чечиле албаган сырларынын бири. Денебизде ушул сыяктуу көптөгөн клеткалар бир жерлерден сигнал алып, ал сигналга жараша кызматын башташат. Бүт мындай сигналдарды бир-бирине жөнөткөн клеткалар сигнал жөнөтүшү керек экенин кайдан биле алат? Махлон Б. Хогланд Root's of Life аттуу китебинде бул жөнүндө мындай дейт.
Клеткалар чоңойууну качан токтотушу керек экенин кайдан билишет? Калыптанышына салым кошкон органдардын керектүү чоңдукка жеткенин аларга айткан эмне?... Бөлүнүүнү токтотуучу сигналдын кандай касиети бар? Мунун жообун билбейбиз, бирок изилдөөнү улантып жатабыз.10
Чындап эле клеткалар арасы сигналдашуунун сыры толук чечиле элек.
Баштапкы клеткадан бөлүнүп, бирдей өзгөчөлүктөгү эки жаңы клетканын пайда болушу күтүлөт. Бирок клеткалардан бирөөсүнүн ичинде эмне экени белгисиз болгон бир ачкыч буралып, клетка бир заматта башкача болуп баштайт. Бул жаңы клетка адам денеси үчүн согуша турган Т-клеткасы. Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат. Бир клетка эмне үчүн өзүн-өзү өзгөртүп, такыр башка бир клеткага айлануу жолун тандайт?
Бул – илим али жообун таба элек бир суроо. Илим клетка өзүн кантип өзгөртөт деген суроого жооп бериши мүмкүн. Бирок клетканын эмне үчүн жоокер бир клетка болууну каалаганын эч качан түшүндүрө албайт. Клетканы керек болгондо денени коргой турган бир клеткага айлантуучу программанын ким тарабынан жазылганын түшүндүрө албайт.
Бүт бул суроолордун жообун Аллахтын бар экенин билип-түшүнгөндөр гана толук аңдай алышат.

Өзүн-өзү жок кылган бир клетка (ортодо)


Т-клетканын түрлөрү:
Т-клеткалар өз ичинде үчкө бөлүнүшөт. Алар – жардамчы Т-клеткалар, өлтүргүч Т-клеткалар жана токтоткуч Т-клеткалар. Ар бир Т-клетка душманды тааный алуу үчүн өзгөчө бир MHC молекуласына ээ болот.

Жардамчы Т-клеткалар
Бул клеткалар системанын башчылары сыяктуу. Согуштун биринчи этабында макрофагдар менен антиген тутуучу башка клеткалар ичине камаган жат клетканын өзгөчөлүктөрүн аныкташат. Андан соң керектүү сигналды алышканда, өлтүргүч Т жана В-клеткаларды согушка үндөшөт. В-клеткалар бул чакырыктын натыйжасында антитело аттуу куралды өндүрүп башташат.
Бир Т-клетка (жогоруда) ичке жипчелүү нерв клеткасынан (жогору солдо)
же макрофагдардан (ылдыйкы сүрөттө оңдо) өлүм буйругун алышы мүмкүн


Жардамчы Т-клеткалар башка клеткаларды үндөө үчүн лимфокин аттуу бир молекула чыгарышат. Ал молекула башка клеткаларда бир «ачкыч бурап», согуш коңгуроосун баштатат.
Жардамчы Т-клетканын башка бир клетканы ишке киргизе турган касиеттеги молекуланы өндүрүшү өтө маанилүү жагдай.
Эң башта, мындай молекуланын чыгарылышы белгилүү бир согуш стратегиясынын натыйжасы. Ал стратегияны клеткалардын өз акылы менен ойлоп табышы, же ал стратегиянын кокустуктар натыйжасында пайда болушу мүмкүн эмес.
Стратегияны иштеп чыгуу менен эле жумуш бүтүп калбайт. Клетка башка клеткада өндүрүш «ачкычын» бурай турган молекуланы туура синтездеши керек. Ал үчүн болсо ошол клетканын химиялык түзүлүшүн толук билиши зарыл. Бул молекуланы өндүрүүдө бир катанын кетирилиши иммундук системанын толук иштебей калышы деген мааниге келет. Себеби бир-бири менен байланыша албаган бир армия коргоно албай, жок кылынат.
Бир эле ушул молекуланын болушу эволюция теориясынын канчалык чындыкка сыйбас бир көз-караш экенин көрсөтүүгө жетиштүү. Себеби система иштеши үчүн бул молекула эң башынан бери бар болушу шарт. Эгер жардамчы Т-клеткалар бул молекуланы колдонуп, башка клеткаларды согушка чакырбаса, адам денеси вирустарга моюн сунат.

Өлтүргүч Т-клеткалар
Өлтүргүч Т-клеткалар иммундук системанын эң натыйжалуу мүчөлөрүнөн. Жогоруда вирустардын антитело аттуу белоктор (протеин) тарабынан таасирсиз кылынганын караган элек. Бирок вирус бир клетканын ичине киргенде антителолор кээде ал вируска жете албай калышат. Мына ушундай абалдарда өлтүргүч Т-клеткалар вирус тарабынан басып алынган оорулуу клетканы өлтүрүшөт.
Өлтүргүч Т-клеткалардын оорулуу клеткаларды кантип өлтүрөөрү изилденгенде, улуу бир акыл менен жаратуу чеберчилиги көрүлөт.
Өлтүргүч Т-клеткалар эң биринчиден ичинде душман жашынган клеткалар менен кадимки клеткаларды бир-биринен айырмалашы зарыл. Бул кыйынчылыкты табиятынан аларга берилген система (MHC молекулалары) урматында жеңишет. Басып алынган клетканы тапканда болсо химиялык бир зат чыгарышат. Ал секреция клетканын мембранасына жабышып, катар тизилип бир тешик пайда кылат. Натыйжада тешиктерге толгон клеткадан суюктук чыгып баштайт жана клетка өлөт.
Солдогу сүрөттө антигени бар бир клетканын микробду бөлүктөргө бөлүшү менен, жардамчы Т-клетканын ишке киришиши көрсөтүлгөн. Оңдогу сүрөттө болсо Т-клетканын эгер анын антиген рецептору антигенге туура келсе, CD4 молекуласы антиген комплексине жабышса жана эгер белгилүү молекулалар (оңдо) бир-бирине уланса активдүү абалга келээри көрсөтүлгөн

Өлтүргүч Т-клеткалар бул химиялык куралды кичинекей бөлүкчөлөр (гранулалар) ичинде кампалайт. Ушундайча химиялык курал дайыма колдонууга даяр бойдон турат. Клетканын өз куралын өзү өндүрүшү жана керек болгондо колдонуу үчүн сакташы илимпоздорду өтө таң калтырган. Бирок клетканын химиялык куралды колдонушундагы керемет болсо эстен тандыра турган даражада таң калтырат.
Ал микро чөйчөкчөлөр өздөрү ичинде турган клеткага бир душман жакындаар замат –душман келген тарапка- клетканын четин көздөй жылышат. Андан соң клетка мембранасына тийип, аралашат жана сыртты көздөй ачылып ичиндеги затты чыгарып жиберишет.

Табигый өлтүргүч клеткалар: "NK" (Natural Killers)

Жилик чучугунда өндүрүлгөн бул лимфоциттер жилик чучугунун сыртында, көк боордо, лимфа бездеринде жана богок безинде болушат. Эң негизги функциясы шишик клеткаларын жана вирус алып жүргөн клеткаларды өлтүрүү болуп саналат.
Кээ-кээде басып алуучу вирустар өтө тымызын ыкмаларды колдонушат. Дене клеткаларынын ичине кээде ушунчалык жакшы жашырынгандыктан, антителолор да, Т-клеткалар да душманды байкабай калышат. Себеби сыртынан бүт баары жайындадай көрүнөт. Мына ушундай жагдайларда иммундук система, ошого карабастан, бир анормалдуулук бар экенин сезет. "NK" клеткалар ошол аймакка кан аркылуу жөнөшөт. Өлтүргүч лимфоциттер клетканын айланасын ороп, клетканы түртүп, кысып башташат. Бул этапта душманды ичинде алып жүргөн клеткага уулуу бир зат берилип, клетка өлтүрүлөт.
Т-клеткасын (тоголок) орогон рак клеткасы (цитоплазмасы чыккан жана
 жипчеси жайылган абалда) көрсөтүлгөн

Бул сүрөттө болсо рак клеткасын (чоңу) орогон өлтүргүч
Т-клеткалар (кичинекейлер) көрсөтүлгөн

Бул клеткалардын душманды кантип таанышаары иммундук системада азырынча жоопсуз калган суроолордун бири. Себеби беттеринде максат клеткаларды таанууда кызмат кылуучу рецепторлордун бар же жок экени али белгисиз. Ошондуктан душманды таанууда колдонгон механизмдери толук белгилүү боло элек.
Адамзат колундагы ушунча технологиясы менен туруп, бул клеткалардын душманды таанууда колдонгон системасынын майда-бараттарын чече алган жок. Балким технологияда келечекте бул системаны чечмелей алат чыгаар жана бул тема бир сыр болбой калаар. Бирок бул иштеп жаткан системанын кемчиликсиздигин, канчалык терең пландалып жаратылганын далилдеген бир далил болот.

Кан клеткалары


- Тромбоциттер: Кандын коюлуп, жарага айланышы көбүнчө көп сөз кылынбаган, катардагы бир окуядай сезилиши мүмкүн. Бирок муну кылуучу кемчиликсиз система болбогондо, кичинекей жаракаттар да адам жашоосуна коркунуч туудуруп, же өлүмгө алып бара турган бир коркунучка айланмак. Бул маанилүү кызматты аркалаган клеткалар жилик чучугунда пайда болуучу клеткалардын бири болгон тромбоциттер болот. Мындан тышкары, аллергиялык реакцияларда кызмат кылуучу серотонин аттуу затты камтышат.
- Эозинофил: Фагоцитоз жөндөмүнө ээ болгон бул кан клеткалары денеге кирген жат клеткаларды жутуп жок кылышат (фагоцит кылышат).
- Базофил: Канда өтө аз, бирок тери, көк боор жана ичеги муун кыртыштарында көбүрөөк кездешүүчү чоң, катуу жана бир ядролуу бир кан клеткасы.
- Нейтрофилдер: Антибактериалдык касиетке ээ болгон бул кан клеткалары организмди жат заттарга каршы коргоодо кызмат кылышат. Ошондой эле, фагоцитоз касиеттери менен да иммундук системага салым кошушат.


Антиген сунуучу клеткалар: "APC" (Antigen Presenting Cells)

Бул клеткалардын кызматы – бул антигенди (душманды) Т-клеткаларга сунуу (берүү). Бул клетканын мындай кызматты аркалашы жөнүндө сөзсүз ойлонуу керек. Себеби клетка маанилүү бир жоопкерчиликти өз мойнуна алууда. Т-клеткалардын денени коргошун билет жана душманды таанып, кармаган душманды маалымат катары Т-клеткаларга берет.
Клетка мындай кызматты эмне үчүн жасайт? Эволюция теориясы боюнча бул клетка өз өмүрүн гана ойлогон бир  жандык болушу керек. Бирок ал эч кандай кызыкчылыгы болбосо да, бир системага кызмат кылат.
Андан да кызыгы – бул APC клеткасынын Т-клетканын кандай муктаждыгы бар экенин билиши. Ал маалыматка ылайык душман клетканы талкалап, аминокислота тизмегин гана Т-клеткага берет. Бул жерден көрүнүп тургандай, APC клеткасы Т-клетканын аминокислота тизмегинен маалымат алаарын да билет.
Бирок бул жерде дагы бир жолу эске салып кетүү туура болот; «билүү», «эсептөө», «ойлонуу», «кызмат кылуу» сыяктуу этиштерден сөз кылдык. Албетте, буларды жасоо үчүн сөзсүз акыл керек. Аң-сезими, эрки жок бир жандыктын буларды жасашы мүмкүн эмес. Бирок бул жерде сөз болуп жаткан жандыктар – кичинекей клеткалар; биз билген кичинекей аң-сезими жок клеткалар. Андай болсо клеткаларга мындай аң-сезимди, жөндөмдү, кереметтүү системаны ким берген?

Бул суроонун жообу апачык: көрүнүп тургандай, APC клеткасы да, Т-клетка да жана денедеги башка бүт клеткалар да бир-бирине ылайыктуу, бир система ичинде кызмат кыла турган абалда Аллах тарабынан жаратылышкан. Бир аятта Раббибиз мындай дейт:

Асмандар менен жердегилердин баары Аныкы. Күмөнсүз, Аллах эч нерсеге муктаж эмес (Гани), мактоого ылайыктуу. (Хаж Сүрөсү, 64)

Булактар:
7.  Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Ankara: Meteksan Yayınları s. 79
8.  Michael J. Behe, Darwins Black Box, New York: Free Press, 1996, s. 30
9.  Scientific American, Eylül 1993; Bilim, Kasım, 1993, s. 140

10.  Mahlon B. Hoagland, Root's Of Live, s. 106-107